Тургундардын айтымында, эгерде таштанды урналары коюлуп, кулактандыруулар айтылса анда айыл таза абалга келет.
«Айыл жергесинде атайын урналар коюлган эмес, алма бактын ылдый жагында атайын чектелген чуңкур бекиткен ошол жерге төгүш керек болчу»,—дейт айыл башчы Айбек Алмабеков.
Айылда атайын шарт түзүлбөгөндүктөн таштандынын баары ар кайсы жерде жатат, деген пикирде Токтояндын жашоочусу Гүлмира Акматбекова.
«Таштандылар адамга оору жугузат, аны төккөндөн кийин чуңкурга салып, сыртынан топурак менен көмүш керек»,—дейт Гүлмира Жумакадырова
Айыл тургуну Кемел баары эле кайдыгердиктен өз билгенин жасашат, айтсаң жаман көрүшөт, деп белгиледи.
Автор: Гүлжан Нурасым кызы, Айганыш Адылбек кызы, Адина Осмонова