Айылыбыздын тургуну Эрнис Ыманов маршрут авто унаасынын ичине эки кишилик мончо жасаган. Ал мончо айыл элине кызмат кылууда.
Эрнис Ыманов мончону кандай идея менен жасагандыгын жана алдыга койгон ой-максаттары туралуу мындай деди;
«Мага мончо куруу идеясы, жайлоого кеткен малчыларды көрүп, бала-бакырасы,өздөрү кайда,кантип жуунарын ойлоп,машина аркылуу жүргөн мончо ойума келди. Өзүмдө унаа тетиктери болгондуктан, толугу менен бир айда жасап бүттүм. Ал эми айылдан түшөм дегендерге жагып берем. Көбүнчө кошуналарым,туугандарым келишет. Баасы сексен сомдон болсо,балдарга элүү сом. Жайлоодо да ушундай баада эле болду. Азыр болсо айылда ремонтто турат. Колдоо көрсөткөндөр болсо жакшы болмок, Буюрса эмки жылы бардык жайлоолорго алып чыксам деген ойум бар.»-деп билдирди Ыманов.
Айыл тургуну Айгүл Чүтүнова унаа ичиндеги мончонун болушу, жайлоодогу малчылардын ден соолугуна жана тазалыгына пайдалуу экендигин айтат.
«Жайлоодогу жашоочуларга ылайыктуу. Жакшы,таза жайы бою жайлоодо болуп түшүп жаттык. Анданда чоңураак кылып жасаса жакшы болмок. Бирок. бизге абдан жакты, Эрнис мырзага ыраазычылыгыбызды билдиребиз».-дейт Чүтүнова.
Айылдын дагы бир жашоочусу Эржан Касиев мончо туралуу айтуусунда кубанычын жашырган жок.
«Бул мончо быйыл ойлоп табылды. Буга чейин жайлоодогу элге мончого тушүүгө шарт жок болчу. Эми быйыл жайлоодо унаа ичиндеги мончо элге жакшы кызмат көрсөтүп,бардык каалоочулар түшүп жатты».-деген ойун билдирди Эржан Касиев.
Даярдаган: Гулянда Ибраева