Акыркы жылдары ишмердүүлүгү каржы пирамидасына окшогон турак жай кооперативдери деп аталган уюмдары көбөйүүдө. Алардын кеңсесине күнүнө жүздөгөн адамдар келип, турак жайлуу болууну каалап жатышканын билдирип келишет. Бирок тилекке каршы алардын баары эле үйлүү боло бербейт. Себеби баштапкы суммаларын алып, андан соң алдап кеткен учурлар көп кездешет.
Буга март айынын башында «Ак-Үй КейДжи», «Биринчи турак жай кооперативи» жана S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооператив уюмдарынын жетекчилеринин кармалышы далил болуп берет. Аларга алданган Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун тургундары бир катар нааразычылык акцияларына чыгып, акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышты.
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургуну Акмат Абдыкадыров, дал ушул S-LINE турак жай кооперативине үй алам деп жарым миллион сомдон ашык акча төгүп, алданып калган. 2021-жылы анын кезеги жетип, үй сатып алыш керек болчу . Бирок азырга чейин турак жайын да, акчасын да ала албай жүргөнүн айтты.
«Менин балам Орусиядан кыйналып иштеп, үй алабыз деп бизге акчасын салып турган. Биз турак жай кооперативдерин карап, S-LINE кооперативине ишенгенбиз. Бул уюмдун жетекчиси Бакыт Аалиев бизди болушунча алдаптыр. Мен 650 миң сом акча төккөм. Эми биздин талабыбыз, акчабызды кайтарып берсин, ал акча оңой акча эмес», — деди ал.
16-мартта S-LINE кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиев «Алдамчылыкка» шектелип кармалганын Ош шаардык милициясы кабарлаган. Ал жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбай койгон. Бирок аны Ош шаардык соту көп өтпөй «анча оор эмес кылмыштын түрүнө киргендиктен» эки айга үй камагына чыгарганы белгилүү болгон.
Ал эми 22-мартта «Биринчи турак жай кооперативи» уюмуна нааразы болгон ондон ашык тургун Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына митингге чыккан. Чогулгандар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунун аймактарынан келгенин айтышты.
«Биринчи турак жай» кооперативине алданып калган Бүрабия Шарабидинованын айтымында, ал 2019- жылы «Биринчи турак жай кооперативине» мүчө болуп, алгач 300 миң сом төккөн. Ал эми 2021-жылдын май айында, ага кооперативдин Оштогу башчысы Саида Байгазакова телефон чалып, турак- жайга багытталган насыяны бир айда алуу үчүн дээрлик 1 млн сом төлөшү керек экенин айткан.
«2021-жылы 21-майда мага Саида [Байгазакова] мага чалып “ушундай мүмкүнчүлүк бар: бир айда үй аласың” деп айтты. Бир айда бардык 923 миңди төлөгөм, бирок бир ай эмес бир жыл болгону калды. Үй эмес “ү” дагы жок, акча дагы жок. 114 адам үй ала элекпиз», — деди Шарабидинова.
Аны менен катар Шарабидинова кооперативдин жетекчилери Бердияр Исматиллаев, Саида Байгазакова жана Жанарбек Сатыкеевден бул маселени чечип берүүнү талап кылды.
«Каржы пирамидасына алдангандардын саны күн санап өсүүдө»
Бул эки гана каарманыбыздын окуясы. Мындан башка, турак жай кооперативине алданып, милицияга арыз менен кайрылган жарандардын саны күн санап өсүүдө.
Ички иштер министрлиги акыркы эки айда эле каржылык пирамидаларды уюштуруу боюнча 111 иш козголуп, 91 иш соттун кароосуна жиберилгенин маалымдады. Анын кесепетинен 133 адам жабыркап, алардын тарткан зыяны 61 миллион сомдон ашкан.
«Тилекке каршы милиция кызматкерлери тарабынан элге профилактикалык иштер гана жүргүзүлөт. Мындай компаниялар Юстиция министрлигинде элди жакырчылыктан чыгаруу катарында же башка багыттагы коом катарында каттоого алынып, лицензия алышат. Мыйзам боюнча алардын ишине бөгөт коюлбайт. Эми гана алардын ишмердүүлүгүн текшерүү болуп баштады. Кандай негизде иштеп атышат, салык төлөп атабы бардыгын тең текшерүү башталды. Ошондуктан ИИМ көпчүлүк учурда алардын кесепети менен гана иштерди жүргүзөт», — деди ИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев.
Мындан сырткары, ал жарандарга кайрылып, үй алардан мурун сөзсүз түрдө юристтерден кеңеш алууну зарыл экенин белгиледи.
«Документтерге кылдаттык менен көңүл буруу зарыл»
Ал эми юрист Замир Пусур Тегин турак жай кооперативине мүчө болуудан мурун жарандар компаниянын документтери менен таанышып, лицензиясы бар-жоктугун аныктап, компания жөнүндө маалымат алуу керектигин айтат.
Анын айтымында, кооперативдерден үй алгысы келгендер алгач айыл чарба, турак жай жана турак жай курулуш кооперативдеринин ажырата билиши керек. Эгер, компаниялар Юстиция министрлигинин күбөлүгүн көрсөтүп, Улуттук Банк берген лицензиясы жок болсо, бул кооперативдерге ишенбеш керек. Ошондой эле, алар өз сайтында финансылык отчетторду да ачык көрсөтүшү зарыл.
«Биздин эл, финансылык пирамида болобу, же кооператив болобу өтө этият болуңуздар. Мен айтып кеткендей айыл чарба кооперативи, турак жай кооперативи жана турак жай курулуш кооперативи такыр башка нерселер. Булардын ишмердүүлүгү лицензияланат. Юстициянын эле күбөлүгүн көрсөтсө, ага ишенбеңиздер. Кооперативдерден мамлекеттик орган ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берген лицензиясын талап кылуу керек. Ар бир кредиттик союз, кооператив сөзсүз өзүнүн сайтында же офисинде финансылык отчеттерду көрсөтүшү керек. Эгерде ислам принцибинде берип жаткан болсо, анда шарияттын стандартында бухгалтердик эсептердин отчету, светтик болсо эл аралык стандарттар боюнча отчеттор илинип турушу керек» — дейт юрист.
Улуттук Бизнес Ассоциациялар Альянсынын жетекчиси жана экономист Искендер Шаршеев кооперативдер мыйзамга каршы чыкпаган шылуундук уюм экенин айтат.
«Негизи кооперативдин түзүлүшү так каржы пирамидасына окшош. Кооперативди мыйзам менен караганда эч бир мыйзам бузбаган уюм катары билсек болот. Куруучу кооперативдердин бир гана өзгөчөлүгү бар. Аларга кирген мүчөлөрдүн башында тургандарга биринчилерден болуп, үй алып берилет. Ал эми катардын аягында туруп калгандарга убакыт узак болуп калат. Андан көрө ошолорго төлөгөн акчаны өздөрү эле чогултуп, түзмө- түз компаниялардан эле турак жай алса болот», — дейт ал.
Анын айтымында, кооперативдерге ишенип, акча төккөндөрдүн баары эле үй ала бербейт. Алардын акчалары офисти каржылоого, кызматкерлерлин айлык-маянасына жумшалат.
Каржы маселелери боюнча эксперт Кубан Чороев кооперативдердин «аз убакыт ичинде үй алып беребиз» деген кепилдик бериши каржылык пирамиданын принциптерине жатарын билдирди. Анын айтымында, тургундар документтерге көп көңүл бурбай турак жай алабыз деп алданып калышат.
«Биздин кооператив 2018-жылы түзүлгөн. Ал кезде бир дагы кооператив жок болчу. Андан кийин биздин кооперативди көрүп эле бардыгы ошого окшоштуруп ача баштады. Кооперциянын принциптерин түшүнбөй эле, “ушундай кылса болот турбайбы” деген ой менен каалагандын баары эле ача баштады. Албетте, мыйзам буга жол берет. Бирок, мыйзамда бир катар кемчиликтер бар. Бул ачыктык, мүчөлөрүн улам окутуу принциптери. Бүгүнкү күндө ушул принциптер ал кооперативдерде кармалган жок. Ошондуктан, пирамидалык схема менен түзүлгөн кооперативдерде ага киргендер үчүн коркунучтар бар», — деп эсептейт ал.
Кубан Чороевдин айтымында, кооперативдин ар бир мүчөсүн атайын окуулардан өткөрүп туруу зарыл жана өздөрү дагы ошол тартипти сакташат Ал мындай кыска окутууларды жаңы түзүлгөн коопетаривдер окутуп турса болот.
Мындан сырткары Кубан Чороев, үй алардан мурун эмнелерге көбүрөөк көңүл буруу керектигине токтолду:
Эгер кооператив аркылуу үй алууну каалагандар болсо, эң биринчи кезекте канча жылдан бери иштеп келе жатканына көңүл буруу керек;
Эки турак жай алган Махаббат
Ош шаарынын тургуну Махаббат Полотова 2018-жылы батир алуу үчүн ошол кездеги кооперативдердин бирине кезекке турган. 2019-жылы кезеги жетип, үч бөлмөлүү батир алган.
«Мен алгач үй алардан мурун бардык тиешелүү документтердин баарын карап чыктым. Андан соң кооператив жөнүндө маалымат издеп, уставдарын окуп чыктым. Анан мага жакты. Дароо кезекке туруп, 3 миллион сом төгүп үйлүү болдум. Муну алгандан кийин эле экинчи үйдү алыш үчүн дароо кайрадан ошол эле кооперативге кезекке туруп, дагы ошондой эле суммага эки бөлмөлүү батир алгам», —деди ал.
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 70тей турак жай кооперативи ачылган, азыр анын канчасы иштеп жатканы тууралуу так маалымат жок.
Дилде Шатанова