«ЖашTour» долбоорунун алкагында Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагында 7-8-июль күндөрү Арстанбап жана Моголдун жаштарына квест-экскурсия уюштуруу жана өткөрүү боюнча 2 күндүк окутуу болуп өттү.
Туризм боюнча эл аралык денгээлдеги эксперт Регина Ратаулина гид-экскуровод болууну самаган жаштарга тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү. Анда саякаттоо учурунда туристтерге кызыктуу оюн элементтери менен квест-экскурсияны кантип уюштурат, квест-экскурсияны кантип сатуу керек деген суроолорго жаштар толук жооп ала алышты.
Тренинг учурунда гиддер экскурсияларды пландаштыруу жана жүргүзүү ыкмаларын өздөштүрүп, туристтик кызыгууну жараткан жерлерде квест-экскурсия же квест-тур уюштуруу боюнча жөндөмдөрүн жакшырта алышты.
“Жаштур» долбоору Германия кызматташтыгынын (GIZ) «Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы (IRDP) алкагында Европа биримдиги (EU) жана Германиянын экономикалык кызматташтыгы жана өнүгүү федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан каржыланат, «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда” — деди Гульсана Абытова.
«Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун директору
“Мен Камбарали кызы Гүлназ Могол демилгелүү жаштар долбоорунун жетекчиси, Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун координаторумун. Бүгүнкү иш- чара аябай кызыктуу болду. Анткени, биз тоолуу кооз аймакта жашагандыктан туристтер көп келет. Ал эми ошол туристтерге биздин жаратылыштын кооздугун көрсөтүү үчүн гид керек. Бүгүнкү тренинг да ушул гид болууга үйрөтүү, туристтер менен мамиле түзүү жана квест-туризм боюнча болду. Биз үчүн керектүү жана пайдалуу окуу уюштурулду. Эң негизгиси квест туризм мага аябай жакты. Квест оюндарын ойноп жүргөнбүз, ал эми квест туризм өзгөчө таасир калтырды. Айылда да жаштар арасында квест оюндарын уюштурсак деп пландап жатабыз”, – дейт Гулназ Камбарали кызы.
Арстанбап айыл аймагынын жаш активисти Муратбек Кочкоровдун да пикирин биле алдык:
«Өтө мыкты деңгээлде өттү, ар бир тренинг мыкты тренерлер менен жогорку деңгээлде өтүп жатат. Мурунку тренингди Марат Данилов кызыктуу кылып өтүп берсе, бул жолку тренингди Регина Ратаулина жогорку деңгээлде экскурсия жана квест экскурсия боюнча өтүп берди. Эки күндүк окутууда, туризм багыты боюнча жаңы көндүмдөрдү үйрөндүк. Мекен Маматкулов жана Регина, Гульсина эжелер менен квест экскурсия уюштурдук. Кызыктан кызык болду десем болот. Акырыныда ар бир катышуучу сертификаттар менен сыйланды. Эч бир нерсенин пайдасы болбосо, уюштуруучулар уюштурмак эмес.
Пайдасы аябай чоң туризим багыты да абдан кирешелүү жана бул кирешени табуу, туристтерди тартуу боюнча да көп нерсени үйрөндүк. Учурдан пайдаланып бардык уюштуруучуларга чон ыраазычылык билдирмекмин. Гулсана Абытова, Мекен Маматкулов жана башка уюштуруучуларга.”
Туристтерди кабыл алуу Арстанбап айылынын калкына негизги каржы булагы болуп калган. Туристтер ССРден баштап, азыркы учурга чейин эс алууга келүүдө жана азыркы учурда андан да көбүрөөк кызыктар тараптарды чогултууда. Туристтик борбор, жеке менчик иштетүүчүлөр менен иш алып барат. Күнүнө 400 чейин адамдар келет, ал эми сезон учурунда 50 миңге чукул меймандарды кабыл алышат. Арстанбапта ажайып кооз табияты, шаркыратма жана адам колу менен түзүлгөн пансионаттар, дачалар, турбаза жана башка эс алуучу жайлар жайгашкан. Туристтерди кабыл алуу үчүн башка мамлекеттер менен карым- катнашы бар атайын гиддер бар, бирок саны кескин түрдө аз болгондуктан, кабыл алуу толук шартта аткарылбайт.
Туристтерге гиддердин болушу зарыл, анткени маршрутту билбей адашып, тарыхын, сырларын, кооздугун толук коро албай жатышканын туристтер белгилешкен.
Арстанбап туристтик табияты
Бул маселе бир гана Арстанбап жергесинде эле эмес Кызыл-Үнкүр, Чолпон-Ата, Тогуз-Торо туристтик жергелеринде да актуалдуу. “Жаштур” демилгеси жогоруда айтылган 4 локация менен иштөөгө багытталган. Алдыдагы максаттары жана кыймылдары төмөндөгүчө:
Окуялуу жана тоо туризм аркылуу Жалал-Абад облусунун жаштарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. 4 жаңы туристтик маршруттарды тренинг Тоо туризми жана квест экскурсияларды түзүүгө көмөк көрсөтүү. Жергиликтүү бийлик, айыл өкмөт, токой чарбалар жана жаштар ортосундагы жагымдуу чөйрөнү жакшыртуу үчүн диалог түзүү. Туристтик продуктыларды жана кызматтарды корсөтүүлөрдү эл аралык туристтик платформаларын социалдык тармактарында сайттарында коддорду орнотуу жана аудио экскурсиялар аркылуу илгерилетүү.
Жана ошондой эле Арстанбап айылынын тургуну, жаш активист Муратбек Кочкоровдун айтымында:
“Дагы да алдыда июлдун акырынан, августтун башынан баштап окутуулар күтүп жатат жана башка региондордо уланууда. Келечектеги туризм СБТ ге гана байланышып калбайсыздар өзүнүздөргө да бир туризм багытын таштап кетебиз, силер өзүңөр алып кетесинер, өнүктүрөсүңөр деп багыт, жол берип жатат жана ошону өнүктүрүу багытында аракет кылып жатабыз”, – дейт Муратбек Кочкоров.
Аймээрим Саитжанова