Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.
Мектеп окуу бөлүмүнүн башчысы Кенжекан Аматбекова аттестатты салтанаттуу түрдө тапшыруу министрликтин жобосу экендигин айтат.
«Жалпы 134 окуучу бүтүрдү, анын 56сы 11- класстар. Мамлекеттик экзаменди жыйынтыктоодо, билим берүү министрлигинде бекитилгендей эле, атайын дайындалган сабактардан экзамендер тапшырылды. 9-11-класстар милдеттүү түрдө тапшыра турган төрт сабактан экзамен болду. Ар бир окуучу өзүнүн аракети менен, өзүнүн билим деӊгээлине жараша бааланды. Аттестат, күбөлүктөрдү салтанаттуу түрдө тапшыруу, бул министрликтин жобосуна ылайык. Турусбек орто мектебинде быйылкы 11-класстардан 20 окуучу ЖРТге тапшырды, анын ичинде 8 окуучу 110дон ашык балл алды, эӊ алдыӊкы балл 163 болду», — деп билдирди окуу бөлүмүнүн башчысы Акматбекова.
11-Б классынын жетекчиси Нуржамал Казакбаева классында 12 окуучу ЖРТге тапшырып, алардын алтысы жакшы жыйынтык көргөзгөндүгүн айтат.
«2015-2016-окуу жылында 56 окуучу бүтүрүп жатат. Менин классымда 27 окуучу бар, анын ичине 12си ЖРТге тапшырды, алты окуучум эӊ жакшы жыйынтык көргөздү, калгандары деле жаман болгон жок», — деп кошумчалады ал.
Турусбек мектебинде ЖРТден эӊ алдыӊкы орунду алган 11- Б классынын бүтүрүүчүсү Мунара Бакытбек кызы төмөнкүлөргө токтолду.
«Абдан жакшы эле болуп жатат. Бирок, ыйлап, аябай кайгырып дагы жатабыз. Мектептин босогосун аттап кетип жатканыбыз, бул эӊ эле өкүнүчтүүсү деп ойлойм. Менин келечектеги кесибим — мугалим. ЖРТден 163 балл алдым», — деди ал.
11-класстын алдыӊкы окуучуларынын бири Эркеайым Олжобай кызы келечекте дарыгер болгусу келгендигин айтат.
«Мен өзүм дарыгер болгум келчү. Негизги тесттен 155 балл алдым, ал эми кошумча сабактардан химиядан 79, биологиядан 90 балл алдым», — дейт бүтүрүүчү.
Ошондой эле аттестат тапшыруу аземине бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн