Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин жааматы отургузган жер жемиштердин кээ бири отоо чөп басып, көрүнбөй калса, кээ биринин отоолору жулунуп жакшы өсүүдө.
Негизи бул ишти мектеп администрациясы үстүртөн карап, класс жетекчи жана окуучуларын чогултуп кимге кайсы участок бөлүнсө ошону жулдурушу керек.

Бул туурсаында мектептеги директордун орун басары Мурат Сыдыков интервью берүүдөн баш тартты. Ал «баары эле сонун өсүп жатат, жулунуп эле жатпайбы чөптөр, эми отолорду чаптырабыз” деген жооп менен чектелди.

Помидор, капуста, кызылча, чеснок, картошкалардын чөптөрү отолгон. Ал эми өйдө жактагы алма бак, өрүктөрдү отоо басып узун чөптөрдөн улам алар деле көрүнбөй калган.

Каникулга тарай элек кезде окуучулар күнүгө барып суу куюп турушчу. Азыр окуучулардын көбү каникулга башка жактарга кетип жаткандыгынанбы жер-жемиштерди караган деле окуучулар жок.

Биз жемиштерди караган барганда 10-класстын окуучусу Сыймык Солдатбек уулу алма бактарын карап жүргөн экен. Анын айтымында, 2-3 алма багы өсүп, 2-3ү өспөй калган. «Отоолор да аябай басып кетиптир, жулуп коюш керек эле”, — дейт ал.

Участокко жакын жашаган тургундар, окуучулар “бул туурасында интевью бербей эле коёлучу, келип бизди урушушат да” деген жооп менен көбүнүн бул тууралуу оюн биле албадык.
Даярдаган: Динис Жайлоо уулу
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн