Быйыл Учкун айылынын тургуну Анипа Баймурзаева 105 жашка чыкты. 100дөн ашкан айылда бир гана жашоочу бар. Анипа апа 10 баланын, 68 неберенин, 130дан ашуун чөбөрөнүн энеси.

Анипа Баймурзаева 1911-жылы төрөлүп, анын башынан көптөгөн түйшүктөр өткөнүн белгилейт. Анын мынча жашка келгенинин сыры төмөнкүчө баяндады.

«Мен өзүм 1911-жылкымын. Менин башыман ачарчылык да, согуш да, жокчулук да өттү. Мынча жашка чыкканымдын сыры — жайлоонун таза абасы жана талыкпай эмгектенүү болсо керек», — дейт Анипа апа.

Учурда Анипа апа кичүү баласы Майрамбек Баймурзаевдин колунда. Келининин билдиргенине караганда, Анипа апанын ден соолугу жылдан жылга начарлап бара жатат. Бирок мындай жышка чыккан апа үчүн бул ден соолук жакшы дейт.

«Апамдын ден соолугу мурункуга караганда начарлап калды. Бирок дагы эле эшикке өзү кирип чыгат. Ушунча жашка чыккан адам үчүн мындай ден соолук жакшы болсо керек деп ойлойм. Апабызга карылар күнүндө гана келбесе, башка учурларда жардам көрсөтүлбөйт», — дейт келини Назгүл Калыкова.

Айыл жашоочулармы мындай 105 жашка чыккан апа айылда жашап жатканына сыймыктанышат. Мындай ойду кошуналары да астыктап, «Кылым карыткан айыл энеси» деп атап коюшаарын белгилейт алар.

«Биздин айылда сакалдуу адамдар саналуу эле калды. Ушундай 105 жашка чыккан апабыз бар экенине сыймыктанып, «Кылым карыткан айыл энеси» деп да наам ыйгарып коёбуз», — деп белгилейт кошунасы Дүйшөкүл эже.

Кээде Анипа апа обон созуп ырдап, келинине да жардам көрсөтүп коюп тураарын айтат.
Даярдаган: Гүлзар Казиева
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы
Сынак үчүн