2012-жылдан бери Терек-Суу айылында “Ак элечек апалар” жалаӊ аялдардан түзүлгѳн топ ѳз ѳнѳрлѳрүн элге тартуулап келет. Бул топ кѳптѳгѳн кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарга илинишкен. Биз ал топтун мүчөлөрү менен маектештик.
Каарыдык деп үйдѳ отура бербей ушинтип топ түзүп кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетиштик дейт топтун мүчөсү Бурул Жумабаева. Айтымында, “Ак элечек апалар” мындан төрт жыл мурда негизделген.

— Бул топ 2012-жылы Атамбаев энелердин күнү деп жар салгандан кийин негизделген. Ошондо энелер чогулуп топ түзүүнү чечкенбиз. Айылыбызда аялдар кеӊеши Бүйжан Кыдырмаева деген аял бар, ошол таланттуу энелерди, баатыр апаларды чогултуп чыгарган. Топтун курамында 14 эне бар, алардын жетиси Чоӊ-Арык айылынын энелери, ал эми калган жетиси Терек-Суу айылынын энелери. Өкмѳт чакырган жерге барып, жаштарга акыл-наасатыбызды айтып, туура жолду кѳрсѳткѳнгѳ аракет кылабыз. Колубуздан келгенин кылганга аракет кылабыз. Концерттерди берип турабыз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн жакшы жетишкендиктерге жетиштик. Каарыдык деп үйдѳ отуруп калбай былтыр ЭЛТРге барып тартылып келдик, Супарага барып келдик. Ал жакта сынак уюуштурулган, ага 23 команда катышты. Биз 3-орунду алдык. Ошол жерден бизге кѳчмѳндѳр оюнуна жолдомо жазып беришти. Барып келгендер барып келди, мен шартыма байланыштуу бара албай калдым. Бизди эч ким деле демѳѳрчүлѳбѳйт башында айыл ѳкмѳт барып келген жол киребизди берип турчу андан кийин ѳзүбүздүн жаныбыздан эле чыгарып барып келип жатабыз”.

Топтун дагы бир мүчөсү Зайнаш Кыдырмаева энелер менен бир туугандай эле болуп калдык, бири-бирибизди кѳргѳндѳ аябай сүйүнѳбүз дейт.

— Жаӊы чыкканда атыбыз “Асылзат” болчу, кийин “Акбакай” деп ѳзгѳрүлдү. Бул топту түзүүдѳ Кыдырмаева Бүйжан жана Дѳѳлѳтбек, мурунку айыл башчынын салымы чоӊ. Токтогулда “Акбакай” деген фонду бар экен, алар бизди чакырып бизге кошулгула деп сунуш киргизишти биз макул болдук. ЭЛТРге барып келдик ал жактан концерт бердик. Кудай буйруса март айында Талас облусунда гала концерт болот, ошого даярданып жатабыз. Кийген формаларыбызды ѳзүбүз эле тигебиз. Башында айылдан чыккан бала-чака жардам берип ошолордун акчасына форма тиктирчүүбүз, кийин баардык формаларды ѳзүбүз эле тиктик.

Айрым сүрөттөр Бурул Жумабаева жана Зайнаш Кыдырмаеванын өздүк архивинен алынды.
Даярдаган: Даткайым Эрнис кызы
Редактор: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн