Азыркы кезде айыл тургундарынын кары-жашы дебей твиттерге кызыгуусу артып барат. Жакында Салиа апа улагын жоготуп алып, айылда биздин мультимедиа борборунун твиттер кызматына кайрылуу аркылуу эч кыйналбастан таап алды.
Мындан 5-6 күн мурун 78 жаш курагындагы Салиа апанын кичинекей улагы белгисиз жоголгон. Салиа апанын кошунасы твиттер аркылуу белгисиз малды табууга мүмкүнчүлүк бардыгын айткан эле. Салиа апанын айтуусунда, улакты издечүдөй куракта эмес болгондуктан, акыркы үмүтү твиттерде эле. «Эми твиттер мен үчүн чон иш жасады»-, дейт апабыз.
Ал эми айыл башчы Касымакун Мамырбаевдин айтымына караганда, твиттер салыкты убагында чогултууга өкмөткө чоң жардамын тийгизип, убагында элди жаңылык менен камсыздоодо»-, дейт.
Азыркы учурда айыл тургундары твиттерге ишеним көрсөтүүдө.
Айыл тургундары Мультимедиалык борбордун жетекчиси Ырыскелди Сыдыковго абдан ыраазы.Себеби твиттерге кетирүү демилгеси Ырыскелди Сыдыковго тийиштүү. Анын белгилешинче, элдин твиттерге ишеними күндөн- күнгө көбөйүп, 100го жакын жоголгон мал табылган.
Жана твиттер Айыл өкмөтүндө боло турган чогулуштарга элдин көбүрөөк катмары келип катышуусуна чоң өбөлгө түзөт.
Даярдагандар: Алмаз Эшбаев жана Гулжигит Төлөбек уулу