Нарын районуна караштуу Учкун айылында үч айдан бери таза суу чыкпай, тургундар айылдагы жалгыз булактан жолдун алыстыгына карабай суу ташып ичүүдө. Булакка келүүчү айылдын четинде жана ортосунда жашаган тургундар 50-60 чакырым жолду басып өтүүлөрү керек.
Буга чейин деле элдер таза сууга муктаж болуп келишкен. Себеби айылдагы 37 суу чоргосунун 10-20га жакынында эле суу агып турчу. Көпчүлүк тургундар сууну өзүлөрүнүн үйлөрүнөн чыгарып алышкандыктан айылдагылар сууну алыс жактагы колонкалардан алышат.
Учурда таза суу баарынын көйгөйү болгондуктан жергиликтүү айрым тургундар нааразычылыктарын билдиришип, биздин мультимедиа кайрылышкан эле. Бул маселе туурасында айыл башчы Максат Кулманбетов менен маек курдук.
Саламатсызбы! Эмне үчүн үч айдан бери айылда таза суу чыкпайт?
— Себеби биздин айылга таза суу Куланак айылынан тартылып келет. Ошол сууну тартып келуүчү түтүктүн эскилиги жетип, жарылыптыр. Мен июнь айынын аягында барып көрүп келгенимде ал түтүк такыр эле жараксыз болуп калган экен, аны казып салдык.
Ушул суу маселесин кантип чечсе болот? Качан оңдоло баштайт?
— Жакында эле Учкун айылынын өкмөт башчысы Бишкектен жаңы түтүк алып келген, даяр, түтүкүн ордун казып сууну коё берсек эле суу чыгат.
Ошондо ар бир көчөнүн колонкаларында толугу менен суу чыгып, элге жетиштүү эле болобу?
— Толугу менен жетет деп айта албайм, бирок айылдагы чорголор да бузулуп жатат, аларды колдон келишинче ондойбуз. Айылдын жарым колонкасынан суу чыгарганга аракет кылабыз. Ошол суу элге жетет деп ойлойм.
Оңдоого канча акча каражаты кетти?
— Эми каражатын деле так эсептеген жокмун, түтүктү казып алууга кеткен эксковаторлорго таза суунун эсебинен солярка куйдук. Башка нерелерине акча өкмөттөн чыкты.
Качан оңдоло баштайт?
— 20 күндүн тегерегинде буюрса оңдолот.
Кээ бир тургундар таза сууну өз үйлөрүнө киргизип алышкан, аларга уруксаат берилгенби? Ким тарабынан?
— Ким уруксаат бергени, ким уруксаат алганы азыркыга чейин башаламан. Кээ бири уруксат алса, кээ бири албай эле чыгарыптыр. Муну жакында алабыз көзөмөлгө.
Эгер суу маселеси чечилсе колонкаларды оңдоого каражат жетеби жана ал акчаны кайдан аласыздар?
— Ооба, жетет. Бирок ушул таза суунун акчасын толук чогулта алсак. Максаттуу пайдалансак эле чыгат. Ар бир үйдөгү киши башына сууга акча 10 сомдон алынат. Ал эми үйүнөн чыгарып алгандарга жылына 1000 сомдон.
Айылда толугу менен колонкаларда суу чыгыш үчүн кандай аракеттерди кылуу керек?
— Элдердин көбү мурун деле таза суунун акчасын толук беришчү эмес. Азыр суу чыкпагандыгына байланыштуу көбү беришпейт. Бардык жерде чыгышы үчүн көп күч керек, эгерде жогору жактан акча бөлүнүп берилсе колонкалардын ичин оңдоп сууну чыгарып, жеткирмекпиз.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Анжелика Касымакун кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн