Учкун айылында 1-июнь «Балдарды коргоо» күнүнө карата 1-класстан 5-класска чейинки окуучуларга бекер балмуздак таратылды. Иш-чараны айыл өкмөтү уюштурду.
Аталган иш чара Учкун айыл өкмөтү тарабынан 2013-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. 500 балмуздакты эки айыл бөлүп алышат. Жалпы Учкун айылынын балдары үчүн 250 балмуздак бөлүнгөн. Ал эми кечээ болсо бала бакчадагылар үчүн уюштургандыгын айыл башчысы белгиледи.
“Бул ишчара 2013-жылдан бери белгиленип келе жатат. Жалпы эки айыл үчүн 500 балмуздак каралган болсо, Учкун айылына 250 балмуздак бөлүндү. Кечээ болсо “Раушан” балдар бакчасына бекер балмуздак таратып бергенбиз. Ушул айылдын жалпы балдарын 1-июнь “Балдарды коргоо” күнү менен куттуктайм”, — дейт Учкун айылынын башчысы Максат Кулмамбетов.
Бул иш чараны уюштурууга мектеп жааматы да көмөктөштү. Алар балдарды мектептин алдына чакырышып, келген майрам ээлерине мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Мурат Сыдыков каалоосун айтып, майрамы менен куттуктады.
“Урматтту балдар, силерди бүгүнкү майрамыңар менен куттуктайм. Силер келечектин ээлерисиңер. Келечекте мекенге кызмат кылган инсандардан болгула. Ал үчүн талыкпаган эмгек, акылмандуулук керек. Ошол себептен окууларыңарды жакшы окугула демекчимин”, — деп куттуктады Мурат Сыдыков.
Бекер балмуздак таратуу жаш балдарга да жаккан. Окуучулар бүгүнкү майрамдык белек өзгөчө болуп, аларды кубанткандарын белгилешти.
“Мага бул иш чара жакты. Бекер балмуздак таратып, биздин бүгүнкү майрамда абдан кубандырып койду. Келерки жылы да бөбөктөрдүн кубанычына кубаныч кошуп мындан да жакшы уюштурат деген ишеничтемин”, — дейт Гүлзар Мукамбет кызы.
Бирок, айрым окуучулар былтыркы жылкыга караганда быйыл начар болуп калганын белгилешти. Себеби былтыркы жылы майрамдык кече уюштуруп, ырлар ырдалып, бий бийлеп шаңдуу болгон дешет.
Даярдаган: Сыймык Алтынбек уулу
Редактор: Найзабек Мукамбет уулу
Сынак үчүн