Учкунда 9-июнь күнү жыйналыш болду. Учкун айылы грант утуп алып, элдерди чогултуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга 250 миң сом керектелет, бул акча тургундардан чогултулат.
Жыйналышта ар бир түтүндөн 600 сомдон чогултулат деп пландашкан. Бирок орто жашагандар бул акчаны бере алышпайт, деп ал чечимин өзгөртүшүп, жеткиликтүү жашаган айыл тургундарынан бул акчаны чогултмай болушту.
Дыйкан чарбасынын мүчөсү Иличбек Акматов элден акча чогултулганына карап футбол аянтынын курулушу башталаарын айтат.
«Эл канча акча берсе ошону чогултабыз. Элдик салым төгүлөөрү менен эле аянтча курула баштайт. Бул ишти эл түшүнсө толук эле чогултуп берет деген ойдобуз. Жаштар комитети, өкмөттө иштеген балдар болуп чоогу иш алып барабыз», — дейт ал.

Жыйналышат тургундар келишип, кээ бири балдар үчүн деп он миң, беш миң сомдон беребиз деп кетишти.

«Булардын акча чогултканы деле бир чети туура, балдардын келечеги үчүн. Азыр эми балдар үчүн акчабызды аябай колубуздан келгенин беребиз. Учкунда ушундай иштер жүрүп жатканы бизди абдан кубандырып жатат», — деди айыл тургуну Бейшегүл Өмүракунова.

Айылда бай жашаган адамдардын тизмелерин тизишип, алардан үч миң, эки миң сомдон акча чогултулмай болушту.
Даярдаган: Нурай Алмазбек кызы
Редактору: Жанара Аснукл кызы
Сынак үчүн