Нарын районуна карштуу Учкун айылында жаңы айыл башчы шайланды. Айылда чечилбеген көйгөйлөр жана алдыдагы пландары боюнча Жумакадыр Исмаилов менен маек курдук.
Саламатсызбы? Сизге биринчи суроом төмөндөгүдөй болсун. Бул кызматка отуруунун өзү эле элдин жүгүн артуу менен барабар болсо керек, сиз айыл башчы болууга кандайдыр бир деңгээлде өзүңүз даярсызбы?
— Саламатчылык. Менин 8 жыл стажым бар, муниципалдык кызматта иштегем. Алгачкы жумушумду айылдык кеңештин депутаты болуп баштагам. 2008-жылдан баштап айыл башчы болгого чейин депутат болум иштеп келе жаткам. Элдин мага суроо-талабы дагы болду, Касымакун Мамырбаевич менен көптөн бери иштешип жүргөм “сен айыл башчы боло аласың, бул жумушту алып кете аласың” деп түрткү берди. Айылдын чечиле элек маселелерин жакшы эле билем. Ишти алып кетем деп ишенем.
Мурунку айыл башчы Касымакун Мамырбаев айыл үчүн кандай иштерди кылды, жеке оюңуз? Жана кандай баа бере аласыз?
— Мыкты деңгээлде баа бериш керек. Себеби биздин айылга инвестиция тартуу боюнча көптөгөн долбоорлорду жазган. Ошол эле ПРООН менен, ошол эле ЮСАИД менен чоң алгылыктуу иштерди кылды. Чындыгында буга чейин мындай алгылыктуу жумуштар болгон эмес. Өзү дагы мурун АРИСтин координатору болуп иштеп калган, иштеп кете алышына ошол тажрыйбасы да жардам берди окшойт.
Сиз үчүн айыл башчы деген сөздүн мааниси канчалык деңгээлде чоң?
— Мага дагы мурун, мындан төрт беш жыл мурун сунуштар келген. Мурунку айыл башчы Мажик Токсобаев агайдан тушунда дагы, Макеналиев Сагаалы агайдын тушунда да көптөгөн сунуштар келген, айыл башчы бол деп. Эми айыл башчы деген сөздү айтып коюу оңой болгону менен түйшүгү көп. Азыр кантордо апаратта эки гана киши иштейт, мен жана ВУЗ кызматкери. Айылыбызда 2606 түтүн бар, алардын түйшүгүн көтөрүш деле аткара келгенде кыйын.
Келечекте кандай иштерди пландап жатасыз? Биз менен тааныштыра кетсеңиз?
— Жакында эле Аманбай Кайыпов проектилер боюнча уюштурган облустук семинар болду. Учурда акча бар экен, эгерде жакшы проектилер болсо биз өткөрүп беребиз дешти, ошого чуркап жатабыз. Маданият үйүбүздү жаңы куруп алсак, же болбосо канторубуз илгерки салынган бойдон, кышкысын жылыбай турат. Оңдоп жаңы ремонттоп же жаңы заманбап стилде салдырып алсак деген ойлор бар. Жакында элдерден жаштардын демилгеси менен тургундардан бештен пресс чөп чогултуп, дамбыбызды оңдоп алсакпы деп жатабыз, анан бюджеттен дагы 30 миң сом каралды, ошого дамбы куруп алсак деп жатабыз, жылда эле мүшөк менен тоссок эле суу алып кетет, алдырып ийиип эле убара болуп жатпайбызбы. Айылда ушундай эчтекебиз жок калдык. Буюрса ишке ашат бул ишибиз. Таза сууну дагы колго алып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. 600 түтүн намысыбыз жоктой отурбайбызбы! Кээ бир тургундар акча беребиз деп жатышат таза сууга. Сууну тарттырып келүү үчүн төрт жарым млн акча каражаты кетет экен. Ошого 300 түтүн эле миң сомдон болобу, же экиден кой болобу чогултсак жакшы эле болмок, өзүбүздүн демилге менен мамлекетти карабай куруп алсакпы деген пландар бар. Пландар канчалык деңгээлде ишке ашат аны келечекте көрөбүз.
Айылда сиз билген кандай чечилбеген көйгөйлөр бар? Кантип чечсе болот ал көйгөйлөрдү?
— Бул жакка эртең менен келгенде эле суу таппай кырылыш болуп жатат. Жаз-күз корук маселелси. Убакыт керек, баары буюрса акырындык менен болот. Ушул суу маселеси болуп жатат, ошол эле корук маселеси, элден акча каражаты толук чогулбагандыгы, рычагдардын жоктугу. Анан эл менен сүйлөшүп эле иш алып барабыз, коркутуп-үркүтүү деген жок.
Анан сизге ушул төрт жыл аз эмеспи? Өзүңүз пландаган иштерди ушунча убакыттын ичинде аткара аласызбы?
— Төрт жылда буюрса эми аткарабыз. Бирок эми төрт жыл иштейсиң деген деле шарт жок. Айыл өкмөт башчысы шайланган сайын, добуш берилип, балким ал башка команда менен иштешкиси келип жаткандыр, же болбосо сен эле иште дейби аны мезгил көрсөтөт болуш керек. Колдон келишинче аракет кылабыз. Бирок бюджетте эч кандай акча жок. Негизгиси инвестиция тартып алсак, элдер менен жакшы сүйлөшүп алсак ишибиз алдыга жылат.
Эгерде сиз жакшы алгылыктуу иштерди кылып, кези келгенде кайра сизди айыл башчы болуп бер десе кандай жооп кылат элеңиз?
— Эгер башчылыкка десе, иштей берем. Бирок алдын ала айта албайм, иштегенге даярбыз. Эми алдын ала быча албайт экенмин.
Эми депутаттар жөнүндө сөз кыла кетели. Алардын шайланганына аз убакыт болду, туура эле шайланыштыбы? Биз шайлоого баштан аяк катыштык, ошол учурларда кээ бири кирип бараткандарга “мага сал” дешип, арак да берип жүрүшү. Анан ушуга кандай карайсыз?
— Мен ал жерде оператор болуп отурдум. Эшикке чыга алган жокмун. Бирок элден уктум, ушундай арак беришип, сүйлөшүүлөр болду деп. Чындыгында өз көзүм менен көргөн жокмун. Бул укканым эле да. Мурунку депутаттардан экөө өттү. Кийинки менен мурунку аралаштырса жакшы болот, жаңы келгендерге багыт берип, иштеп кеткенге жардам берет. Азыркы депутаттар деле жаман эмес. Мисалы: мурун бюджетти бир күн талкууласак, азыр төрт күн талкуулап калдык дегендей. Башчыбызды дагы жакшы шайлап беришти.
Маегиңизге чоң рахмат!
Маектешкен: Жанара Баялиева