Учкунда таза суунун токтоп калышы көнүмүш көрүнүшкө айланды. Кээде 1-2 күндөп суу болбой калат. Айыл башчы Касымакун Мамырбаев муну тургундардын таза сууну сарамжалдуу колдонбогондугуна шылтайт.
Учкун айылынын тургуну Шааркүл Сейитказиеванын айтымында, тургундар өздөрү бузулуп калган суу чорголорун оңдоп турушат.
Ошол эле кезде ар бир адамдан таза сууга акча алынып тураары белгилүү. «Айына таза суу үчүн ар бир адамга беш сомдон алынат. Ал акчалар кайда кетип жатат?», — деп суроо узатат Учкундун дагы бир тургуну Нурсултан Асанакунов.
Таза суу башкармасы Айзат Жунушалиеванын айтымында, бул чогулган каражаттар карыздарды жапканга кетет.
«Биз таза сууну насыяга жети млн сом акчага курдурганбыз. Чогулган акчалар ошол жакка кетет. Кутулсак
чорголорду оңдойт элек. Бир суу чоргосун оңдоо үчүн 7-8 миң сомдой акча кетет экен»,— деди Айзат Жунушалиева.
Ал кошумчалагандай, карыздан кутулууга бир жылдай убакыт керектелет. Демек ошого чейин суу көйгөйү курч бойдон калат, же болбосо сууга өзүбүздүн мамилебизди өзгөртүшүбүз керек.
Айыл башчы Касымакун Мамырбаев суунун чыкпай калышын учкундуктардын таза сууга сарамжалдуу мамиле кылбаганынан деп белгилейт.
«Суу көп коромжу болуп, резервуарда суу жок калгандыгынан улам суу чыкпай калды. Коромжу болбосун деп чорголорду оңдосок, кайра эле суу деп жүргөн адамдарыбыз аларды бузуп кетет»,-деп түшүндүрөт айыл башчы.
Авторлору: Найзабек Мукамбет уулу, Айдай Темирбекова, Тахмина Сабитакунова