Азыр техниканын заманы болгондуктан жаштар интернетти көп колдонушат. Бирок учурда интернетте жаш өспүрүмдөрдү терс жактарга бурган ар кандай оюндардын пайда болушу мугалимдерди жана ата-энелерди тынчсыздандырууда.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебинин окуучулары менен да учурдагы интернеттин пайдасы жана зыяны боюнча талкулар маал-маалы менен жүргүзүлүп келет.
Мектептин соцпедагогу Канат Асанакунов окуучулар учурда катуу көзөмөлдө экендигин айтты.
“Жаштар интернетти таптакыр колдонбой коюуга да болбойт. Себеби учурда замандын өнүгүшү менен техника да өнүкөн заман. Бирок интернетте ар кандай оюндардын пайда болушу бизди тынчсыздандырат. Бул боюнча бизге облустан жана райондон атайын жаш өспүрүмдөр арасында иш алып барган адистер, органдар келип жыйын өтүлгөн. Ал жыйында ата-энелер жана мугалимдер катышып, учурдагы маселе боюнча кеңири талкуу болгон. Балдардын ата-энелерине жана окуучулардын өздөрүнө да эскертүү менен мектепке телефон алып келишине тыюу салынган. Жана окуучуларга кечки саат сегизден кийин көчөгө чыгуусуна тыюу салынып, бул боюнча жумасына эки жолудан рейддер жүргүзүлүп жатат. Тыюу салууларга баш ийбеген окуучуларга жана алардын ата-энелерине чаралар көрүлөт”, — деп билдирди Асанакунов.
Коёнкөзов мектебинин 9-классынын окуучусу Чынара Сагынбаева «Интернетте жаман оюндардын чыгып жаткандыгына байланыштуу бизге мугалимдер бул тууралуу эскертип жатышат. Интернеттин пайдасы керектүү материалдарды оңой таап жана соңку кабарларды ар кандай сайттар аркылуу тез окуй алабыз. Бирок ар кандай зыяндуу оюндардын пайда болуп жатышы биз үчүн терс көрүнүш. Учурда бизге телефон мектепке алып келүүгө тыюу салынып, текшерүүлөр жүргүзүлуп жатат» деп айтып өттү.
Даярдаган: Адилия Мундукова
Сынак үчүн
ДО