Өлкөдө ден соолугунан майыптыгы бар адамдар үчүн коомчулукта шарттардын анчейин жакшы каралбагандыгы баарыбызга белгилүү. Мындан улам өткөн жылдан бери жөлөк пулду көтөрүү боюнча чечим кабыл алынып жана башка аракеттер көрүлүп келет. Бирок муну менен эле маселенин бардыгы чечилди дегендик эмес. Айыл-аймактарда бул маселеге таптакыр эле көңүл бурулбаарын төмөндө тургундар айтып турат.
Бул өлкөдөгү майыптыгы үчүн жөлөк пул алган миңдеген адамдардын абалын көргөзүп турат. Кыргызстанда өткөн жылдын эсеби боюнча беш жүз миңге чукул адам жөлөк пул алат. Бул жалпы калктын санына жараша 5,3% түзөт. Алар ден соолугуна байланыштуу майыптар, ата-энеси жок өспүрүмдөр, жаш курагы боюнча пенсия алгандар жана баатыр энелер. Төмөндө ден соолугунан майыптыгы бар гана адамдардын саны көрсөтүлгөн.
Жөлөк пулдун 2022-жылдагы өлчөмү боюнча учурда маалымат жок. Массалык маалымат каражаттарынын жазып чыкканына таянсак былтыркы жылдан бери жөлөк пулдун көлөмү 50%га жогорулашы керек болчу. 2021-жылы өлкөдө айлык маяна жана жөлөк пулду көбөйтүү тууралуу жарлыка кол коюлган.
Кыргыз Республикасында ден соолугуна байланыштуу жөлөк пул алган майыптардын саны 2021-жылы жалпы эки жүз миңден ашкан. Алардын 35 миңге жакыны балдар.
Зыйнат Самар кызы
Бул материал Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги ишке ашырган долбоорунун алкагында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Макалада айтылган ой-пикирлер USAID жана Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн пикирин милдеттүү түрдө чагылдырбайт.