«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин лицей филиалдарында 19–23-октябрь күндөрү улуттук маданиятты даңазалоого, окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган предметтик жумалык уюштурулду. Анын алкагында улуттук оюндар, сүрөт сынактары, музыкалык иш-чаралар, спорттук мелдештер жана ачык сабактар өткөрүлдү.

«Улуттук баалуулуктар — балдардын көзү менен» деп аталган жумалыкты искусство, технология жана ден соолук маданияты кафедрасы уюштурду. Иш-чаранын негизги максаты окуучулардын улуттук мураска болгон кызыгуусун арттыруу, эстетикалык табитин калыптандыруу, интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү.

Улуттук оюндар жана чыгармачылык сынактар
«Сапат» билим берүү мекемесинин «Сейтек» жалпы толук эмес билим берүү мектебинде жумалык улуттук оюндар, чыгармачылык тапшырмалар жана музыкалык иш-чаралар менен коштолду.

Биринчи класстын окуучулары дене тарбия мугалими Ибадат эженин жетекчилиги астында улуттук оюндарга катышып, шамдагайлыгын жана тапкычтыгын көрсөтүштү. Төртүнчү класстын окуучулары топтук тапшырмаларды аткарышты. Үчүнчү класстар арасында футболдук турнир, бешинчи класстарда спорттук эстафеталар уюштурулду. Аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар да окуучулардын кызыгуусун жаратты.

Экинчи класстын окуучулары технология жана сүрөт мугалими Махабат эженин жетекчилиги менен асфальтка сүрөт тартып, мекенге болгон сүйүүсүн жана улуттук баалуулуктар тууралуу түшүнүктөрүн чагылдырышты.
Музыка мугалими Нураида эже 3-«А» класста ачык сабак өткөрүп, окуучуларды комуз жана кыл кыяк сыяктуу улуттук музыкалык аспаптар менен тааныштырды. Ал эми Феруза эженин жетекчилиги астында уюштурулган «Ырдайлы кыргыз ырларын» сынагына окуучулар жана мугалимдер катышып, кыргыз ырларын аткарышты.

Жумалыктын соңунда мугалимдер арасында жаа атуу, чүкө атуу, топ таш жана беш таш сыяктуу улуттук оюндар өткөрүлдү.

Искусство менен спорт айкалышкан иш-чаралар
«Курманжан Датка атындагы лицей» филиалында да жумалык чыгармачылык жана спорттук иш-чаралар менен коштолду.
Башталгыч класстардын окуучулары арасында музыкалык суроо-жооптор, «Менин мекеним» аттуу сүрөт сынагы жана «Алтын күз» темасында класстардын эшиктерин кооздоо иштери уюштурулду. Бул иш-чаралар балдардын көркөм табитин өнүктүрүүгө, өз алдынча ой жүгүртүүсүнө жана биргелешип иштөөсүнө багытталды.
Спорттук программада бешинчи класстардын арасында кыска аралыкка чуркоо мелдеши жана волейбол боюнча достук турнири өттү. Мугалимдер «Спорт кыймылда, искусство түстөрдө» аттуу таймашка, музыкалык караокеге жана башка чыгармачылык иш-чараларга катышты.
Ошондой эле технология, музыка жана дене тарбия предметтери боюнча ачык сабактар өткөрүлүп, окуучулардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурулду.
«Мээрим лицейинде» спорттук мелдештер өттү
«Сапат» билим берүү мекемесинин «Мээрим лицейи» филиалында окуучулар жана мугалимдер арасында спорттук, интеллектуалдык жана чыгармачылык мелдештер уюштурулду.

Волейбол мелдешинин жыйынтыгында:
1-орун — 10-«Б» классы;
2-орун — 9-«А» классы;
3-орун — 8-«А» классы.
Ал эми жетинчи класстардын арасындагы спорттук эстафетада:
1-орун — 7-«Е» классы;
2-орун — 7-«А» классы;
3-орун — 7-«С» классы ээледи.
Мелдештер окуучулардын ылдамдыгын, шамдагайлыгын, командалык иштөө жөндөмүн жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтүүгө шарт түздү.

Улуттук мурас — тарбиянын маанилүү бөлүгү
Предметтик жумалыктын өзгөчөлүгү — искусство, технология, музыка жана дене тарбия багыттарынын бир максаттын айланасында бириктирилгенинде. Окуучулар улуттук баалуулуктарды оюн, сүрөт, музыка, эмгек жана спорт аркылуу таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чараларга мугалимдердин да активдүү катышуусу окуучулар менен педагогдордун чыгармачылык кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түздү.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мындай жумалыктар жаш муундун улуттук маданиятка болгон сый-урматын арттырууга, чыгармачылык жөндөмдөрүн ачууга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.
Маалыматты «Сапат» ЭБМнин социалдык илимдер, дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык предметтеринин координатору Курманбек Хайдаров даярдаган.