Салт болуп калгандай эле, Мамлекетебизде жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары майрамдарды эмгектеги жетишкендиктер менен тосушат.
Быйыл да Улуу Жеңиш майрамын Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгы Деканов көчөсүнө коомчулук үчүн ажаткана куруп берүү менен башталды.

«Азыр ажаткана бүттү, эми курулуш нормаларына ылайык бир жума колдонбой турабыз. Андан сөң Улуу Жеңиш майрамына карата пайдаланууга беремин»- дейт дайыма иш үстүндө жүргөн, Кошбулак аймактык Поселкалык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов.
«Биздин жетекчибиз бекеринен бир канча медалдар менен сыйланбаса керек. Бизге жаз кеч келгендиктен башкалар ойлонгуча 9- Майды утурлап бир ажаткана куруп, анан чооң иштерди баштайт. Биз да көнүп калганбыз. Башында курулуш терминдерине түшүнбөй жүргөм, азыр кээ бир кичине объектилердин курулушун «текшерип» да турамын дейт кыргыз тилинде түш жооруган Юлия Крюкова»

Кабарчы: М. Исканов