Түп районунунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин немец тили сабагынын мугалими Айзада Кадырова өзүнүн бош убактысында ыр жаззат. Ал ыр жазууда көбүнчө тынч жерге олтуруп алып, жаратылыштын болгон кооздугун сүрөттөп жазууну жактырат.
Кадырованын айтымында, мектепте окуп жүргөн кезде бир нече ыр жазган. Алардын катарын ата-энесине арнап чыгарган ырлары да толуктайт. Өзүнүн чыгарган ырлары туурасында Айзада Кадырова төмөнкүлөргө токтолду.
“Мен 9-классыман баштап ыр жазып келем. Ыр жазууда мага кыйынчылыктар деле болбойт. Болгону жазып жаткан ырларыма өтө кылдаттык менен көңүл бөлүп, маанисин мазмунун байланыштыруу үчүн аракет кылам. Мен алгачкы чыгармамды энеме арнап чыгаргам”, — деди Кадырова.
Апасы Гүлмира Макешева кызы ыр жазганда ар дайым ырын ага окуп бергенин айтат. «Мен ага өзүмдүн оюмду айтчумун, ал мага жазган ырлары жөнүндө өз оюн билдирип турчу. Кызымдын жазган ырларын окуган сайын ар дайым кубанам», — дейт Макешева.
Макешеванын кошумчалашынча, кызы ыр жазууда күнүмдүк турмуштан алып жазат.
Даярдаган: Ширин Акунова
Сынак үчүн
АА