Ооган-Талаа айылындагы тиш дарылоочу бөлүмү көп жылдардан бери тургундарга кызмат көрсөтүп келет. Кыскача баяндамабызды сунуштайбыз.
Ооган-Талаанын башкы тиш дарыгери Алмаз Ибрагимов 20 жылдан бери бул кесипти аркалап келет. Бул жерге келип иш баштаганында абалы начар болгонун, кийин өздөрү да оңдоп, керектүү буюмдарды алышканын айтты.
Адамдар тынымсыз келип дарыланып кетишерин айтат Ибрагимов. «Төрт-беш айылдын тургундары келет», — деди тиш дарыгери.
Айрым тургундар стоматологиянын көрсөткөн кызматы үчүн алган акысы арзан десе, кээ бири баасы жогору дейт.
Ооган-Талаанын жашоочусу Саит Момкеев биринчи жолу тишин пломбалатканда түшүп калып, экинчи жолу дарылатып жатканын билдирди.
Автору: Эсен Аскарбеков
Сынак үчүн