
Ноокат районунун тургундары эмгекчилер майрамын белгилешти. Район тургундарынын маанайынан майрам көңүлдүү өткөнү байкалып турду.
1-май эмгекчилер күнүн район тургундары кары-жашына карабай Ноокат шаарынын паркында жана аянтында майрамдашты.

Бул майрамда ырчылар да келип, өздөрүнүн чыгармаларын тартуулап, элдин маанайын көтөрүштү. Ошондой эле ар кандай оюндар болду.

Элдин саны көп болгондуктан басууга жер да тардык кылып жатты. Баарынын маанайы көтөрүңкү болгону жүздөрүнөн билинип турду.

Сатуучу Мавлюда Калбаеванын айтымында, соода жакшы болгон.»Ушундай жакшы күндөр боло берсин, 40-50 даана самсаны сатууга алып чыккам, тез эле сатылып кетти», — дейт Калбаева.

«Насирдин Исанов» паркында 1000дей эл болду. Көпчүлүгү окуучулар, арасында чоң апалар жана келиндерда бар.

Майрамдан жүргөн Аксулуу Акылбек кызы майрам жакшы деңгээлде өтүп жатат дейт. «Мага абдан жакты жана аябай кубанычтамын», — деди Аксулуу.
Даярдаган:Дилнура Абдиламит кызы.
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка АК.