Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас атындагы орто мектебинде ишембилик болду. Ага Манас орто мектебинин 7-10-класстын окуучулары катышты.
Манас атындагы орто мектебинде 30-апрель күнү мектептин айланасы таштардан тазаланды. Ишембилик тууралуу Манас атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Майсалбек Умаркулов оюн мындайча билдирди.

«Бул ишембиликте биз мектептин айланасын казып, таштарын терип жатабыз. Азыр көп эле адамдар мектеп үчүн иштегенди уят көрүп калышты. Мен аларга кайрылып кетээрим, силер мектепте окуйсуңар силерди мектеп акысыз окутуп жатат, китебиңе чейин берет, сен ошого жараша мектебиңе өз салымыңды кош», — деп билдирди Майсалбек.

Манас атындагы орто мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Асыя Сулайманова ишембиликте 15 сотых жерге беде эгилгенин айтты.

«Бүгүнкү ишембилик айлана чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча өткөрүлдү. Ишембилике келбеген окуучуларга ар бир дарактын астына арык каздырабыз», — деди Сулайманова.
Даярдаган: Нурислан Жанибеков
Сынак үчүн