

Клооптун 2015-жылы уюштурган «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн.
Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (ноябрь 2015 — апрель 2016) аралыгында сынак үчүн өз айылдарынан жаңылыктарды жазып, окурмандарга коомдук тармактар аркылуу сунушташкан.
Сынактын шарттарына ылайык, коомдук тармактарда көп добуш чогулткан материалдардын авторлору жеңүүчү деп табылган. Добуштар «жактыруу», «пикир билдирүү» жана «бөлүшүүлөрдүн» саны менен эсептелип аныкталган.
Экинчи сынакты төмөнкү алты айылдын тренерлери өткөрүшкөн. Ар бир айылдан кайсы авторлор, кайсы кабарлары менен смартфонго ээ болгонун сунуштайбыз.
Эскертүү: Добуштардын саны сынак аяктаары менен 2016-жылдын 3-майында чыгарылган.
1. Баетов
Баетовдун алдыңкы мугалиминин ардактуу жолу
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
2. Бакай-Ата
Бакай-Ата: Табып Тагар Молдобеков
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
3. Куу-Майдан
Куу-Майдан: Кашкалдак орто мектебинде «Мыкты мугалим» сынагы болуп өттү
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
4. Кызыл-Булак
Кызыл-Булакта олимпиада болду
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
5. Ооган-Талаа
Чарбак айылына жаңы мектеп курулууда
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
6. Үч-Коргон
Үч-Коргондо окуучулардын кышкы каникулу кандай өтүүдө?
Материал фейсбукта жана одноклассникиде
Сынак UNDEF каржылаган «Демократия үчүн жамааттык журналистика» долбоорунун алкагында уюштурулууда.