Жайыл районунун Алексеевка айылында Тажикстандын Мургаб районунан келген кыргыздар жашайт. Алардын бири89 жаштагы Дөңкөбай Эгемкулов менен маекти сунуштайбыз.
Мургаб районунан көчүп келген кайрылман Эгемкулов Дөңкөбай аксакал тууралуу айтып берели деп чечтик. Кененирээк маалыматты аксакалдын өзүнөн алсак.
— Мургаб районунан Хорог деген облусунан 2004-жылы декабрда келгенбиз. Кара-Балтада жашап жүрдүм, балдарым иштейт, өзүм пенсияда 6000 миң сом алам. Балам тракторист болуп иштейт, бир балам үч кызым бар. Кыздарым да ушул жакта, инилерим Ошто жашайт.
Сиздин балалыгыңыз согуш жылдарына туш келиптир. Ошол убак жөнүндө кыскача маалымат бере кетсеңиз.
— Мен ошондо 5-класс элем, военкомат келди да, сабак окуп
жатканда алып кетти, балдар ата-энесин да көргөн жок. Ата-энеси мал багып тоодо болгон. Ошону менен бир бала келди, калгандардын баары согуштан келген жок. Бир баладан кара кагаз келди каза болду деп, калганынан кара кагаз, документ да келген жок. Ата-энелерин көрбөй кетти. Бир класста кыздар, балдар болуп 40 окуучу элек, ошолордун баары каза болду. Мына мен эле калдым, азыр 89 жашка келдим.
Азыркы жашооңуз кандай?
— Кудайга шүгүр, туугандарым бар, балдарым бар. Кара-Балтада жашап жатабыз, эл менен эл болдук, баары менен тааныштык.
Урматтуу угуучулар, сиздер Мургаб районунан келип, Кара-Балтанын Алексеевка айылында жашап калган Эгемкулов Дөңкөбай туралуу маалымат алдыңыздар.
Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Таазим Талдыбекова
Сынак үчүн