Нарын телерадио компаниясынын журналисттери тарабынан Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчыларына атайын тренинг өтүлдү. Бул тренинг ыктыярчылардын журналистикага, операторлукка, алып баруучулукка болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду.
Тренингдин түрүшүндө ыктыярчылар эки топко бөлүнүп иш алып барышты.
Биринчи топто операторлукка кызыккан ыктыярчылар үчүн Нарын облустук медиа борборурун көз карандысыз оператор-монтажеру Алтынбек Каныбек уулу Adobe Prеmier программасында видео монтаждоонун жолдорун көрсөтүп бере алды.
Экинчи топто алып баруучулукка жана журналистикага кызыккан ыктыярчылар үчүн Нарын облустук медиа борборунун жаңылыктар бөлүмүнүн ага редактору Жыпара Садыкказиева, социалдык маданий маалымат бөлүмүнүн ага редактору Лариса Калдыбаева тарабынан журналисттин этикалык кодекси боюнча маалымат беришти. Мындан сырткары түз эфирлерди алып баруунун ыкмаларын, интервью алуунун жолдорун, видеосюжет даярдоодогу негизги бөлүмдөрү тууралуу мастер- класстарды көрсөтүп бере алышты.
Ыктыярчылар менен таанышуу
Жаш кабарчылардын командасы
Жаш операторлордун командасы
Жыпара Садыкказиева жаш кабарчыларга видеоматериалдын стандарттары тууралуу айтып берүүдө
Тренингдин соңунда
Тренингдин соңунда
Ыктыярчылар бул тренингден өзүлөрүнө көптөгөн жаңы маалыматтарды ала алышкандагын баса белгилешти:
Адина Кубанычбек кызы
Адина: «Мага бул тренинг абдан пайдалуу болду. Мен журналисттик тармакка жаңы кошулуп жаткандыгыма байланыштуу бүгүнкү ар бир айтылган маалымат мен үчүн чоң пайдасын тийгизет деп ишенем. Журналистиканын дагы-дагы сырларын билгим келет.»
Амир Курманбеков
Амир: «Мага видеосюжеттерди даярдоодо видеоматериалдарды топтоо абдан кызыктуу болду. Видесюжеттерди да ар түрдүү ракурстарда тартуу экенин билдим. Adobe Premiere программасында иштөө абдан кызыктуу экен. Буга чейин көптөгөн видеожасоочу программалар менен да иштеп келгем.»
Альбина Кайырбекова
Альбина: «Мен алып баруучулукка абдан кызыгам. Бүгүнкү тренинг мага абдан пайдалуу болду. Алып баруучулукка тиешелүү билимдерге ээ болдум. Эжейлерге ырахмат айтам.»
Акылай Алмазбекова