Коомубузда кыз бала жогорку билим албай койсо болот, анткени ал эртең бир үй-бүлөөнүн бүлөөсү болот, же болбосо, эркек балдарга “мал бакса дагы жанын багып кетет, билимдин деле кереги жок” деген кайчы пикирлер талаш жаратып келет. Мындай пикир көбүнчө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө көп айтылат.
Өлкөбүздө аялдарга карата болуп жаткан зомбулуктун бирден бир себеби катары дал ушул аялдардын-билимсиздигин, ишсиздигин эсептеп келишет. Бул, элибиздин кыз бала жана уул балага бирдей билим берүүнүн маанилүүлүгүн анчейин биле бербегендигинен кабар берет.
Суусамыр өрөөнүндө быйыл 50дөн ашык окуучу мектеп уясынан учту. Алардын көпчүлүгү жогорку окуу жайга тапшыруу маселесинде ата-энелери каршы болбогондугун айтышты.
“Эч кандай бөлбөй бирдей билим алуусу керек деп да ойлойм. Ата-эне дагы бирдей мүмкүнчүлүк тузүп берсе. Менин ата-энем окууга тапшырууда эч кандай тоскоолдук жараткан жок, өзүмдүн эркиме коюшту.”
“Кыз балага көбүнчө басым жасоо болот. Кесип тандоо алдында, кыздардын барар жери күйөө, орду үйдө, окуунун кажети жок деген жаман түшүнүктөр бар. Мен буга албетте каршымын. Эркек бала жасаган ишти кыз бала да жасай алат. Билим адам үчүн үйдө отурса да, иштеп кетсе да маанилүү, керек.”
“Ар бир адам окуп алганы жакшы да. Менин балам мал багабы, башка кылабы бирок окууга тапшырып аны аякташына жардам берем. Мен өзүм жаш кезимде окубай калгам, окусам болмок экен деп өкүнөм. ”
“Ата-эненин милдети балдары билимдүү болуусуна түрткү болот деп ойлойм. Шарт түзүп берүү керек. ”
Элизат Санжырбек кызы Суусамырда эки кызматты аркалайт. Бири мугалимдик кесип болсо, экинчи кызматы айылдык радиодо кабарчылык милдетти аткарат. Кесип тандоодо, кыздарга да балдарга да ата-эненин колдоосу өтө керек деп эсептейт:
“Мени ата-энем билим алышың керек деп ар дайым колдоп турушат. Мен азыркы учурда бакалаврды бүтүрүп, магистратурада окуп жатам. Билимин канча көп болсо кадыр баркың да ошончо бийик болот деп ойлойм. Аялдар үй-бүлөөсүнө да өзүнүн сүйгөн кесибине да жетише алат деп эсептейм.”
Гендердик серепчи Рима Султанова мындай адамдын өзунө болгон ишенимин жоготууга түрткү болгон гендердик стереотиптерден арылуу керектигин баса белгилейт:
“Ушундай гендердик стереотиптер кыз бала жана уул балага тоскоолдук жаратууда. Кыз баланы үйдо отурушу керек, балдарды караш керек деп айтышат. Кыз бала өзү отуруп эмнени кааларын, потенциалын кантип жогорулатаарын ойлоно албай, ал үчүн башкалар сага бул нерсе ылайыктуу деп чечип коюшат. Эркек балдарга техникага багытталган кесиптерди сунуштай беришет. Биз алар мектепти аяктаганда эле өзүбүздүн оюубузду айта берип, алар өздөрүнө ишенбей, басынуу жаралат. Ар бир баланын өзүнүн потенциалы, максаты бар. Биз бир гана колдошубуз керек. ”
Турмуш курууга шаштырган стереотиптердин эртеңи кандай?
Зыйнат Самар кызы