Турмуш курууга ата-энем каршы. Сүйлөшкөн жигитимди жактырбаган эң негизги нерсеси — башка облустан болуп жаткандыгы. Үйдөгүлөр, жигитим экөөбүздүн мамилебизди бузууга аракет кылууда деген кыз психологдон кеңеш сурап kyrgyzmedia.kg ге кайрылган. Анын жазган катына анонимдүүлүк шартын сактоо менен психологдон акысыз кеңеш алып бердик.
Саламатсыздарбы. Менин аты – жөнүм жашыруун болсун. Жыйырма жаштамын. Колледжди аяктап, учурда айылда мугалим болуп иштеп жатам. Ага-эжелерим турмуш куруп, бардыгы үй-бүлөлүү. Алар сыяктуу мен да өз турмушумду эртерээк куруп, бала чакалуу, үй-жайлуу болсом деп кыялданам.
Алты айдан бери бир бала менен сүйлөшүп жүрөм. Ачыгын айтканда, экөөбүз эки гана жолу жолуктук. Андан кийин ал кичи мекенине кетип, пандемиядан улам келе албай калды. Бирок, телефон менен күн сайын сүйлөшүп турабыз. Алыста болсок дагы, маңдай тескей отуруп сүйлөшүп жаткандай жылуу сезимдер орун алат.
Бирок, ага-эжелерим, ата-энем азыр сага турмуш курууга али эрте деген пикирин көп айтып жатышат. Ал гана эмес, жигитим экөөбүздүн мамилебизди бузууга аракет кылууда. Үйдөгүлөрдүн сүйлөшкөн жигитимди жактырбаган эң негизги нерсеси анын башка облустан болуп жаткандыгы.
Түндүк -түштүк деп бөлүнүү үй-бүлө курууда да чоң роль ойнойт экен. Апам, менин телефонум менен жигитиме байланышып, “кызымдын башын айландырба, экөөңөр бирге болбойсуңар”- деген экен. Ошондон бери жигитим экөөбүздүн ортобузда суз мамиле пайда болуп келет. Бул нерсени жок кылайын деп аракет кылсам дагы, сүйлөшкөн жигитим – “апаң мени жактырбай жатса эмне кылайын?”- дейт.
Ачыгын айтканда, азыр эки түрлүү ойдо турам. Бир тараптан, сүйүүдө ар кандай тоскоолдуктар болот. Аны бирге жеңели деп жигитиме айтсам деле, ал кош көңүл мамиле кылып жаткандай сезилет. Экинчи тараптан, ата-энем мага кантип жамандык кааласын деген ой келет. Апамдын “кийин өкүнүп калба, кызым” -деген сөзү азыр да кулагыма жаңырып турат.
Мен өзүмдүн жакшы көргөн адамым үчүн күрөшүшүм керекпи? Же ата-энемдин тилин укканым туурабы? Сиздерден кеңеш күтөм.
Психолог
Биринчиден айтып кетээрим силер жашсыңар, жыйырма жашта экенсиз. Балким, сиз жаштык кылып жатасыз. Ата — эне балдарына ар дайым жакшылык гана каалайт. Бул нерсени эсиңизге алыңыз. Бирок, азыр маселеңизди чече билүү үчүн сиз өзүңүзгө суроо берип, жообун таба билишиңиз керек.
Сиздин ата-энеңиз сиздерге үлгүбү? Канчалык алардын ой жүгүртүүсү, жашоо — турмушу сиздерге жагат? Сиз канчалык деңгээлде ата-энеңизге окшош болгунуз келет?
Экинчиден, сиз сүйлөшүп жүргөн жигит дагы туура кылып жатат. Биздин менталитетке жараша, ата-энеге кантип каршы чыгам деп ойлонуп жаткан болушу мүмкүн. Бул нерсеге анын жаштыгы да таасир этет.Эгерде ал өзүнө ишенген, психологиялык жактан өскөн болсо сизге сизге төмөндөгүдөй мамиле кылмак. “Мага ишен, экөөбүз баарын жеңебиз. Жанымда эле болчу. Кийин ата-энелеребиз биз менен сыймыктанган, үлгүлүү үй бүлө болобуз,” – деп айтмак.
Андыктан, сиз терең ойлонуп, туура чечим кабыл алууга аракет кылыңыз. Өзүңүзгө бул суроолорду бериңиз.
1. Эгер мен сүйлөшүп жүргөн жигитиме турмушка чыксам, бардык кыйынчылыкка чыдай аламбы? Анткени, ата-энебиз азыр жактырбайт, биз турмуш курганда сүйлөшпөй да коюшу мүмкүн.
2. Ал жигитти мен чындап сүйөмбү?
3. Башка аймактын салтына, адатына көнө аламбы?
4. Жолдошум мени таарынтса, ата-энеме келип албаймбы?
Бул суроолорго жооп берсеңиз, ошондо туура жол өзү келет. Сиз азыр жыйырма гана жашта экенсиз. Сиздин жашооңуз жаңы башталды. Сизге бакыт каалайсыз.
Психологдон кеңеш: Жолдошум, кайын журтум карьерама каршы
Психолог: Турмуш куруудан мурда болочок түгөйүңүздүн мүнөзүн билиңиз
Касиет Кубанычбек кызы