30-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 “Инфографика»: онлайн-сервистерди колдонуу менен интерактивдүү материалдарды даярдоо” деген темада вебинар өткөрүлөт.
“Инфографика – кандайдыр бир окуяларды хронологиялык тартипте мультимедиялык материал катары даярдоодо колдонулат. Ал жөнөкөй текстти кызыктуу кылып окурмандарга жеткирүүсү бир топ ыңгайлуу. Анда фото, видео, карталарды эле эмес, кандайдыр бир материалдардын шилтемелерин да колдонууга болот. Интерактивдик контент түзүүгө мүмкүнчүлүк берген уникалдуу жана жөнөкөй тейлөө.
Мындай материалдарды даярдоо эмне үчүн керек?
Учурда күнүмдүк жаңылыктарды сунуштаган маалымат каражаттары абдан көп. Анын үстүнө андай маалымат менен окурманды тартуу бир топ кыйын. “ Инфографика” менен окурмандарды кызыктырууга болот. Кантип?
«Инфографика» тейлөөсүн кантип колдонобуз? Бул платформада кандай багыттагы материалдарды даярдаса болот? Биз, акысыз вебинарда, ушул жана башка суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз.
Вебинарды “Ынтымак” Media Groupтун алдында түзүлгөн “Медиамектептин” директору, журналист Асанбек Каракозуев өткөзөт. Ал Алматыда өткөн онлайн-сервистерди колдонуу боюнча тренингдин катышуучусу.
Yntymak.kg – “Убакытсызыгы” (TimeLine), «Playbuzz», Storify, Инфографика сыяктуу жана башка сервистерди активдүү колдонгон Кыргызстандагы бирден-бир сайт. Бул платформада “Ынтымак” Media Group даярдаган материалдар “Open Asia” жана башка басылмаларга да чыгып турат.
Вебинарда ийгиликтүү катышуу үчүн сизге төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
1. Chrome, FireFox, Safari же Opera браузерлердин акыркы вресияларын орнотуу. Браузерде Adobe Flash Player программасынын акыркы версиясы болуу керек. Google Chromeдо Flash Player автоматтык түрдө орнотулган.
2. Сиздин Интернет байланышыңыздын ылдамдыгы жетиштүү экендигин текшериңиз. Вебинарга кошулуу үчүн минималдуу ылдамдык 1Mb болуу керек. Ыңгайлуу иш үчүн сунушталаган ылдамдык 2Mbтен жогору болуу керек (эгер жетиштүү эмес ылдамдык болсо, анда видеороликтерди, көп графикалары бар презентацияларды, көрсөтүү жана башка режимдер менен иштөө учурунда үн жана видео кечигип иштеши мүмкүн). Сиздин интернетиңиздин ылдамдыгын бул баракчадан текшерүүгө болот http://www.speedtest.net/.
3. Эгер сиз интернетке корпоративдик тармактан чыксаңыз, анда 1935, 80, 443 портун ачуу үчүн сиз тутумдук администраторго кайрылышыңыз керек.
4. Вебинарга кирүү үчүн башкы бетте “Вебинарга кирүү” деген кнопканы басыңыз, өзүңүз жөнүндө маалыматты толтуруңуз жана колдонуучулук макулдашуунун астына макулдугуңузду коюңуз.
5. Эгер сиз вебинарга планшет аркылуу чыксаңыз, анда Google Chrome же Puffin Browse браузерлеринен чыгууга сунушталат.
Акысыз вебинарга каттоону бул жерден өтүңүз.
источник: Новый репортер