Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы райондук маданият үйүндө «Тарых жана маданият жылына» карата «Ырларым менин жан дүйнөм» кароо сынагы өткөрүлдү. Анда Б.Абдрахманов, Н.Жыргалбекова, Ж. Сатылганов, М.Базаркулов, Э.Карасартов атындагы орто мектептеринен мыкты ырдаган ырчылар тандалып, 2-турга жолдомо алышты.
Карасартов мектебинин жаштар уюмунун жетекчиси Дөөлөтбек уулу Азаматтын айтуусунда, бул кароо-сынак жаштардын талантын ачуу, бош убактыларын текке кетирбестен туура пайдалануу, кылмыштуулукту, диний экстремизмди алдын алуу максатында өткөрүлдү.

Райондук маданият үйү уюштурган “Ырларым менин жан дүйнөм” кароо-сынагында баш байгени Э.Карасартов мектебинин окуучусу Чубак уулу Санжар жана Куртка айылынын окуучулары Жаныбек кызы Бегай жана Нурланова Аяна 1-орунду багындыра алышты. Ошондой эле 2-орунду Куртка айылынын окуучусу Казыбеков Жээнбек ээледи.


Даярдаган: Нурбек кызы Аймырза
Редактор: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн