Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде быйыл жайкы каникулда полдору алмашылган болчу. Учурда кайрадан жасалууда.

Жайында тактайлар ным кезинде кагылгандыктан кургагандан кийин ортолору ачылган абалга келип калган. Мындай абалдагы мектеп полдорун жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарынан түзүлгөн коммиссия кабыл алган эмес.
Жалпысынан мектеп полу үч ирээт сырдоодон өткөн. Эске сала кетсек, мектептин полун алмаштыруу боюнча тендерди «СМР-С» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган.


Даярдаган: Мамбетказиев Мирбек
Редактор: Айылчиева Адина
Сынак үчүн