Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Ырымкан Урустемова жети баланы тарбиялап, өстүрүп «Баатыр эне» орденин алды. Ырымкан эне буга чейин 4-баласынан кийин «Эне даңкы» медалын алганын билдирди.
Айыл тургундары Ырымкан энеге жакшы каалолорун айтышты.
Урустемова Ырымкан эне өзүнүн «Баатыр эне» орден алганы тууралуу төмөндөгүдөй билдирди:
«Мен жети баланын энесимин үч кыз төрт уулду тарбиялап, оорутпай өстүрдүм. Азыр кыздарым турмушка чыгып, балдарым үйлөнүштү, бир балам эле үйлөнө элек, ал баламды да үйлөнсүн деп жатабыз. Мен буга чейин 4- баламдан кийин «Эне данкы» орденин алгам. Азыр «Баатыр эне» орденин алдым,»- деп билдирди орден ээси.
Урустемова Ырымкан эненин кызы Кымбат Тургунбаева төмөндөгүдөй билдирди:
Мен үй-бүлөдө улуусумун. Мен апамдын «Эне данкы» орденин алганына өтө сыймыктанып турам. Биздин апабыз ушу жашка келип жети баланы жакшы тарбиялап, өстүрүп «Баатыр эне» медаль алганына өтө кубанып турам. Аман болсун, бактылуу карылыкка жетсин деп тилемекчимин,»- деп билдирди.
Айыл тургуну Шаменова Сатынбүбү Урустемова Ырымкан энеге төмөндөгүдөй каалоолорун айтып кетти:
«Ырымкандын ордени кут болсун, ден-соолугу болсун, бала бакырасы менен аман-эсен болсун, келиндерин энелерин чакырып, дасторконун жайып жакшынакай чайын берип отурат. Ордени кут болсун бактылуу келин алып, мындан ары той берсин, дасторкону ушинтип жайылып турсун, аман эсен болсун».
Даярдагандар: Гулназ Жумагулова, Жибек Мелисова