Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Ысык-Көл органикалык биргелешкен уюмдунда иштеген Эркинбек Дюшебаев как кургатуучу аппарат менен ал эми Сагынай Осмонакунова дары чөптөрдү алып кургатышууда. Бул иш-чара Ысык-Көл органикалык уюмунун жетекчилиги алдында иштелип жатат.

Аталган уюмдун мүчөсү Эркинбек Дюшебаевдин билдирүүсүндө:

«Ысык-Көл органикалык кооперативинин жетекчилиги астында как кургатуучу аппарат келди. Биргелешкен эл аралык проект боюнча «Юнидо»деп коёт. Бул жерде Кыргызстан, Россия, Слованияныкы биригип кургатуу үчүн проект жазганбыз. Ошого карата үч районго Түп, Жети-өгүз, Ак-суу райондоруна бөлүнүп берилген. Кургатуучу аппараттар келип, экөө биздин айылга бөлүндү. Анткени, Тасма, Тогузбай айылында баш аягы 28 үй- бүлө Ысык-Көл органика кооперативинде мүчөбүз. Биз ошондой дары чөптөрдү таза органикалык өсүмдүктөрдү, мөмө-жемиштерди өстүрүү боюнча иштейбиз ошонун негизинде проект боюнча келди.
Какты атайын кесип даярдаш керек. Мисалы үчүн өрүктүкүн данегинен ажыратып, 36 лист бар, ошонун ар бирине беш килограммдан батат. Аларды өзүнүн температурасына чейин үч деңгээл менен ысыйт. 67 градуста кургатканда 100% нымдуулук 12 саатта абрикос кургайт. Алманын, өрүктүн деги эле бардык өсүмдүктөрдүн кактары кышында сактай албай калган, жерге түшүп калган, мөмө-жемиштердин чирип эле калып жаткан. Ошолорду как кылып кургатып койгондо, алардын сакталышы жакшы анан бүт бардык азык заттары болот, организмге аябай пайдалуу. Кышында кактарды компот кылып ичсе болот. Анткени, витаминдер жана азык заттар сакталуу болот»,- деп билдирди Эркинбек Дюшебаев.

Тасма айылынын тургуну Гүлкайыр Такырбашова өз оюн төмөндөгүдөй билдирди: «Мен ромашканы беш килограммдан өткөрдүм он сомдон. Терип туруп эле алып бардым кургатпай эле. Ромашканын дарычылык касиеттери көп экен, өзгөчө аял кишиге анан дагы толтура пайдалуу жактары бар болуш керек. Түрлүү ооруларга пайдалуу. Ромашканын дарычылык касиеттери менен башка өлкөлөргө жөнөтүлөт болуш керек»,- деп өз оюн айтты айыл тургуну.

Ысык-Көл органикалык кооперативинин мүчөсү Сагынай Осмонакунованын билдирүүсүндө:
«Бул чөптөрдү алган себебибиз, мен Ысык-Көл органикалык кооперативинде иштейм, биз органикалык өсүмдүктөрдү өткөрөбүз, ошол себептен алып жатам. Чөптөрдү кургатып, дары жасаганга беребиз, биз азыркы учурда Ысык-Көл органикага деп бизге сунуштагандар көп болуп атат. Биз азыр «Эко флориске» берип жатабыз. Ромашканын көп пайдалуу жактары бар, дагы көптөгөн ооруларга пайдалуу»,- деп айтып өттү Сагынай Осмонакунова.


Даярдагандар: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова