Айыл жашоочулары күз мезгилинде оруп-жыйган арпа буудайларды короодон кампаларга чейин ташып киргизишсе, бул ирээт Бейшенбай Саадабаев жумушту женилдетуу максатында арпа, буудайды тез киргизүүчү шайман ойлоп тапты.

Айыл тургуну Бейшембай Саадабаев буга чейин да ойлоп тапкычтыгы менен бир канча шаймандары жасаган. Ал эми кезектеги шайманы жөнүндө өзү маегибизде айтып берди. «Бул буюмдун элге жардамы тиет. Азыр элдер арпа, буудайларды эки, үч күндө кийиришет. Бул буюм менен бат убакытта кийирип бүтөт.

Бул буюмду жакында эле ойлоп таптым, арпа кийирээрде керек болордо эле. Адамдар контейнерге арпаларын кийире албай атат женилдиги ошол. Бул буюм комбайндын буудайды бункерге куя турган элеваторунан жасалган. Буюмду жасоого керектүү буюмдарды алдым. Киргизерде электр энергиясы кетет кескичке, ширеткич, электрон менен иштейт ошого кетет чыгымдар кетет. Элдер киргизип берүүнү суранса киргизип берем.

Буга чейин толтура апараттарды жасагам. Мисалы, элек жасагам, чөп тырмаган тырмакты, сок чыгарган буюмду жасагам. Эми ден-соолук болсо жасай беребиз, элге керектүү нерселерди»,- дейт айыл тургуну Бейшембай Саадабаев.
Даярдаган: Аяна Айбек кызы, Жибек Мелисова