«Бүгүн Сүлүктү шаарында билим майрамы болду десек болот. Анткени новатор, педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов келип, окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге сабак өтүп берди. Иш чара саат 9:00 дөн баштап 17:30 га чейин Сүлүктүдөгү №5-мектепте болуп өттү»,- дейт аталган мектептин директору Хажихужа Чалбобоев.
«Гапыр Мадаминовдун келип окуу өткөрүүсү билим менен тарбияны айкалыштыруу жаатындагылар үчүн караңгыда шам чырак сыяктуу эле. Аба-менен суудай керек. Көп жыл мектеп директору болуп иштегениме карабастан көп нерсени алдым. Жаш энелердин арасынан ушунчалык таасирленгенинен улам көзүнө жаш алып, ыйлагандары болду», — дейт ардагер мугалим Ойсара Худайназарова.
«Бул окуу менен чектелбестен агай жетектеген Лейлектеги №3-гимназиясына барып үйрөнүүнү максат кылдык. Ушунча алыстан келип эл аралык деңгээлде сабак өтүп берген Гапыр Мадаминовго, уюштуруп берген Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исмановдорго чоң ыракмат»,- дейт информатика мугалими Эргешали Турсунбаев.
Даярдаган: Барчиной Алимова