Мыйзамга ылайык Кыргызстанда аялдар жана эркектер тең укуктуу, ал эми кыздар турмушка чыкканда укугун коргой албагандар арбын учурайт. Көп учурда аялдар мүлккө болгон укуктарын тарттырып жиберишет. Мындан тышкары келиндер өз мээнети менен тапкан мүлктөрүнө да ээ боло албай калган учурлар кездешет. Коомдо бул тууралуу көп айтылбайт, себеби бул нерсе уят катары каралат.
Талас шаарынын 39 жаштагы Айым (аты өзгөртүлдү) ушундай көйгөйгө кабылган. Анын айтымында ал жолдошу менен 20 жыл жашап, кайын эне, кайын атасы менен үй-бүлөлүк бизнес ачышкан. Бирок азыр эч нерсеси жок калганын айтат:
“Бир нече жолу кайын энем биз кылып жаткан иш силер үчүн, биздин неберелер үчүн деп айткан. Анан мен башым менен ишке берилип, эч нерсени аябай, өзүмдү унутуп күнү, түнү иштечүмүн. Жумушубуз жакшы жүрүп бир нече үй, унааларды алдык, бирок анын баары кайын энемдин атына катталган эле, биз жашап жаткан үй дагы анын наамында”.
Биздин үй-бүлө, бала чакам үчүн эмгектенип жатам, биз бир үй-бүлөбүз, баардыгы биздин жакшы жашоо үчүн деп үмүттөнгөн Айым бир заматта эч нерсеге ээ болбой калган.
“Кайын сиңдим турмушка чыккан. Кийинчирээк жолдошу экөө тең жумушсуз калып, биз менен чогуу иштешип калышты. Убакыт өтүп кайын сиңдим бул ишке силердин тиешеңер жок. Силер бекерчисиңер, мунун баары менин апамдыкы деген сөздөрдү айтып баштады”, — дейт Айым.
Кагаз түрүндө Айымдын жана анын жолдошунун наамында эч нерсе жок болгондуктан, 20 жылдын ичинде чогулган мүлккө ээ боло алышкан жок.
“Мен аябай өкүнүп калдым. Жөн эле сөзгө ишенгенге болбойт экен, ал сенин жолдошуңдун апасы болсо да, сөзсүз түрдө документ кылып жаздырсак болмок. Жашоодо ар кандай кырдаал болуп кетет экен. Мен өзүм үчүн жыйынтык чыгардым. Бул адамдарга ишенбей калдым. Эми өзүмчө иш баштайын деп турам”.
Юрист Нуржан Асанбекова бул окуяда Айым иш жүзүндө эч нерсе кыла албаганын жана Кыргызстанда кайын журтунан мүлкүн ала албаган аялдар көп экенин айтып кетти:
“Кыргызстанда аядардын эркектердей эле мүлккө болгон, жерге болгон укуктары бар, бирок алар көп учурда аны коргой албай калышат, себеби алдын ала кам көрүшпөйт. Кыргыздарда аял киши кайын журту менен мүлк жөнүндө сүйлөбөшү керек деген стереотип бар.”
Кыргызстанда үй-бүлөлөр чогуу оокат кылып, чогуу мал багып анын баары кайын эне, кайын атага жазылган көрүнүш кеңири таркаган, бирок бул учурда аялдар жана анын балдарынын ал мүлккө эч кандай укугу жок болуп калат.
“Менин практикамда мындай учурлар абдан көп кездешет. Мисалы, күйөөсү менен аялы иштеп там алайын дешет. Тапканынын баарын ата-энесине бага беришсин деп мал алып беришкен. Бирок ортодон жолдошу күтүүсүз жерден өтүп кетет. Ал эми малды ата-энеси келинге бергиси келбей аны кетирип жиберет. Жылдыгынан кийин келин үч балам менен калдым, жок дегенде кичинекей үй алып алайын десе кайын журту малды бергенден баш тартат. Ал жерде бир үйүр жылкылары болгон, бирок жолдошунун наамына кагаз жүзүндө 2 жылкы, 10 кой катталгандыктан, келин баардык малды ала алган жок”.
Макулдашуулар сөз түрүндө гана болбостон, баары мыйзам түрүндө болушу керек. Аял мүлккө укугу болуш үчүн өзүнө же жолдошуна катталуусу зарыл дейт юрист:
“Үй-бүлө курулгандан кийин сатып алынган мүлктү аялдар өзүнүн наамына каттай албаса дагы жолдошунун наамына каттоо керек. Тууганына, атасына, апасына каттатуунун кереги жок. Кийин ар кандай жагдайда ала албай калат. Эгер күйөөсүнүн наамына катталган болсо ажырашып кетсе тең бөлүп алса болот, жолдошу өтүп кетсе мурас кылып алганга укугу болот”.
Бирок бул учурда да ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Аялдар мүлккө болгон укугун 100% коргоо үчүн “Нике келишимин” түзүшү керек:ү.
“Ал документте мүлктүн эмнеси, канчасы аялга тиешелүү, канчасы жолдошуна так жазылып турат. Кийин бөлгөндө да көйгөй болбойт. Бизде бул көрүнүш такыр жок, бирок чет мамлекеттерде кеңири жайылган. Менин аялдарга мүлктү өзүңөргө жаздыра албасаңар да, жолдошуңарага жаздыргыла же эң жакшысы “нике келишимин” түзүп өз укугуңарды конкреттүү жазып кеткиле деп кеңеш берет элем”.
Айгуль Сакеева