Жерге-Тал айылында жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүшү үчүн жол белгилери коюлган эмес. Борбордук көчөлөрдө автоунаа айдоочулары катуу ылдамдыкта айдаган учурлар көп кездешет. Мындай жагдай өзгөчө окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратат.
Бул тууралуу А.Табалдиев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Сыймык Бактыбеков мектепте жол эрежелерин сактагыла деп мугалимдер эскертет дейт:
«Айылда светофор жок, ошол себептүү жол чети менен басабыз. Бизге жолдо жүрүү кээ бир учурларда кооптуулуктуу жаратат. Ичимдик ичип,кээ бир окуучулар ата-энесинин уруксатысыз машина айдашат, кичине бөбөктөрдү сүзүп кетеби деп корком.Биздин айыл гана эмес Кыргызстаныбыздын жолдору талапка жооп берсе дейт элем жана да жол белгилери коюлушун каалайм».
Ошол эле мектептин 7-классынын окуучусу Айпери Алмаз кызы жолдо жүрүү эрежесин сактоого аракет кылам дейт:
“Светофор жок болгондуктан эки жакты карап, мектептен келе жатканда жана бара жатканда жолдун чети менен басып барам. Айыл жеринде машина коп болбогондугуна байланыштуу жолдо жүрүү коркунучтуу эмес жана жол четтерине белгилер коюлса жакшы болмок”.
Айыл тургуну Айсулуу Керимкул кызы балдарынын жолдо жүрүү коопсуздугу үчүн тынчсызданат:
“Жолдо окуучулардын жүрүү коопсуздугу бар, албетте. Кээде кечинде коркунучтуу. Үйдѳн жолдо кандай жүрүү керектигин үйрѳтѳбүз. Жолдо машиналар жүрѳт,сүзүп кетет деп эскертебиз. Жолдор асфальтталып, жол чырактар күйүп,жарык болсо кечкисин да жакшы болоор эле”.
Жогорку класстын окуучусу Ширин Рыскелди кызы “Ар бир адам жол эрежесин билүүгѳ милдеттүү” деп токтоло кетти:
“Машиналар аз болобу, кѳп болобу жолдун чети менен басуубуз керек жана кырсыктардан сактануубуз зарыл.”
Жол коопсуздугун сактоо үчүн кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Таалайбек Садыгалиев :”Жол коопсуздугун айыл өкмөт тарабынан ДЭУ №8ге кат жолдонгон “ деди өз маегинде:
“Жыл сайын ДЭУ №8 биздин ички жолдорду ондойт. Ошол эле убакта ылдамдыкты азайтуу үчүн жолдорго коюлуучу “лежащий полицейский” дейт эмеспи,ошону быйылкы жылы мерчемдүү жерлерге койдурабыз. Андан сырткары жол белгилерин да коюп кетишет”.
Даярдаган: Баян Курманбекова, Бурмаш Муратова, Бактыгүл Акинова.