Баетов айылында жаңы соода борбору ачылды. Бул жерден айыл тургундары заманбап эмеректердин бардык түрүн, жана ошондой эле үй тиричилик техникаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк ачылды.
Эмеректерди сатуучу Алмаз Мусамамбетов: «Биздин район алыскы аймактардын бири болгондуктан, элди аз болсо да арзаныраак товар менен камсыз кылуу биздин эң негизги максатыбыз. Эмеректердин баасы 3500 сомдон 32000 сомго чейин. Күнүнө 20-30дай адам келет. Бизге кардарлардын каалоосу абдан маанилүү. Кардарлардын каалоосуна жараша биз буйрутмаларды дагы алабыз»,-деди.
Ал эми үй тиричилик техникаларынын сатуучусу Барктабасова Бактыгүл: «Биздин соода борбордон бардык үйгө керектүү нерселерди сатып алууга мүмкүн. Баасы дагы жеткиликтүү. Андан тышкары, «Мол Булак» чакан кредиттик компаниясы аркылуу кардарлар мүмкүнчүлүктөрүнө жараша 3 айдан 18 айга чеийн узартылып төлөө аркылуу (рассрочка) менен алууга мүмкүнчүлүк бар»,-деди.
Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан