Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында Кыргыз Республикасынын АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу менен «Демге Дем» Медиа борбору» Коомдук Фонду уюштурган «Адам сатуунун алдын алуу» акциясы болуп өттү. Акцияны Жаңы-Жер жамааттык мультимедиялык борбору жүргүздү.
Адам сатуу бул азыркы күндө трансулуттук глобалдуу көйгөйлүү маселе. Ошол себептен, ар бир мамлекеттик орган, коомдук уюм, ар бир жаран коомдогу терс көрүнүш адам сатуу менен күрөшүү зарыл. Азыркы учурда дүйнө жүзүндө 40 миллиондон ашуун адам мажбурланган эмгектин курмандыгы (МОТ-2017) . Алардын 15,4 миллиондон ашыгы мажбурлап никеге туруунун курмандыктары болсо, 152 миллион бала мыйзамсыз балдар эмгегинин курмандыгы болууда.
Акция Жаңы-Жер айылындагы кийим тигүүчү фабрикадан башталды
Маалымат кампанияны өткөрүү үчүн алдын ала өлкөнүн бардык аймактарында 3 күндүк тренинг уюштурулган. Тренинг 18 майдан 20 майга чейин Ысык-Көл облусунун пансионаттарынын биринде өткөрүлүп, Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунун кабарчылары катышкан. Тренингде адам сатууга каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөрүн түшүнүү жана ЖМК аркылуу маалымдоо, ошондой эле маалымат компанияларын өткөрүү пландалган.
Жаңы-Жер айылынын базары
«Адам сатуунун алдын алуу» маалыматтык кампаниясын өткөрүүгө Жаңы-Жер айыл башчысы Бердибек Беделов менен жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты Динара Абакова уюштуруучулук жагынан көмөктөштү.
Айта кетсек, мындай аталыштагы Жаңы-Жер айыл аймагында биринчи жолу өткөрүлдү. Ал эми акциянын журүшүнө атайын даярдалып таратылган «Эмгек мигранты өзүңдү корго!» «Эмгек мигранты, сак болуңуз!» деген графикалык басылмадагы келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ Мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн.
@U.S Embassy Bishkek
#демгедемПТЛ
Турсун Омуралиева