
Кыргыз кызынын көркүн ачкан шуру мончоктору жөнүндө жөрөлгөнү Жаңы-Жер айылында кыргыз наркын, каада салтын айыл элине таанытып келе жатышкан “Даткайым”апалар тобу көргөзүп келе жатышат. Кыргызда кызын турмушка узатаарда кыздын энеси же чоң энеси айылдагы уруунун аттуу баштуу, нарктуу апаларын чакырып, шуру тизүү жөрөлгөсүн кылышчу. Апалар шуру тизүү менен бирге кызга акыл насааттарын, ак баталарын, кеп кеңештерин айтышып, тилек тилеп, шуруну тизип кызды узатаарда мойунуна тагып беришчү.
“Даткайым апалар” тобу 2016-жылы түзүлүп, курамында 10 апа бар, топтун жетекчиси Бекматова Таалайкан апа. Бул топ жакындан тартып шуру тизүү жөрөлгөсүн алып чыгууда. Таалайкан апанын айтымында эки түр шуруну тизүүнү колго алышты.
Алатамак – өспүрүм кыздардын жасалгасы. Моюну ак куунукундай койкоюп өссүн деген максатта оор таштардан тизилип тагылат. Анын көрүнүшү да көркөм болгон. Бул шуруну турмушка чыга элек жаш өспүрүм кыздар тагынышы керек.

«Даткайым» апалар тизип жасаган алатамак асем буюму.

Сүрөт интернеттен алынды. Алатамак шурунун нак көрүнүшү.
Бой тумардын — касиети баарынан күчтүү болгон. Анткени ал күмүштөн жасалып, чоң көкүрөк калканы болгон. Бой тумарды турмушка чыга турган кыздар тагынып, көздөн, сөздөн сактайт деп ишенишкен.

«Даткайым» апалар тарабынан жасалган бой тумар асем буюму.

Сүрөт интернеттен алынды. Бой тумар шурунун нак көрүнүшү.
“Даткайым апалар” тобунун мүчөсү Кемелбаева Асья апа, — “Кыз келиндердин кооздук жасалгаларынын бири болгон шуру мончокторун тизүүнүн өз орду, өз мааниси болгон. Илгери кыргыз кыздары ак бермет, маржан, акак, каухар сыяктуу баалуу таштардан шуру мончок тагынышкан”, — деп билдирди.

Жаңы-Жер айылындагы №43-Кесипчилик лицейинин тарых мугалими Мунарбек кызы Саадат, — “Археологиялык изилдөөлөрдө IV-II кылымдарда көрүстөндөрдө сак урууларынын аялдарына тиешелүү шуру мончоктор табылган. Бул материалдар ошол кездеги сактардын түшүнүгү боюнча аркы дүйнөдө жашоо бар деген ишеним бологон. Мындай көрүст ндөгү шуру мончоктор кыргызстандын аймактарында дагы табылган. Шуру мончоктордун экспонаттары борбор калаадагы улуттук тарых музейинде сакталып турат.
Даярдагандар: Омуралиева Турсун, Мунарбек кызы Саадат, Жайчыбек кызы Асыл, Мирбек уулу Нурлан