Жаңы жыл майрамы белгиленип эми жылды кантип пландап, кандайча баштоо керек, канткенде жылды натыйжалуу өткөрүп, пайдалуу иштерди жасоого болот?-деген суроолор пайда болууда. Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү макаладан жооп табасыз.
Жаңы жылды туура баштоону каалагандар үчүн 10 пайдалуу кеңеш:
1. Күнүмдүк ишиңизди иретке келтириңиз.
2. Өзүңүздү пландаштырууга жана иштерди бүтүрүүгө үйрөтүңүз.
3. Буга чейин бара элек жерге убакыт таап барыңыз.
4. Туура тамактанууга көңүл буруңуз.
5. Спорт менен машыгууну баштаңыз.
6. Телевизор көрүүдөн баш тартыңыз.
7. Чет тилин үйрөнүүнү баштаңыз.
8. Өзүңүзгө жаккан ишти табыңыз.
9. Маанисиз нерселерди талашканды токтотуп, башкаларды сөз кылганды токтотуңуз.
10. Бардык кеңештерди кайра окуп чыгып, аларды иш жүзүндө колдоно баштаңыз!
Күнүмдүк ишиңизди иретке келтириңиз

Бул темада көптөгөн кеңештер жана ыкмалар бар: адам канча убакыт уктоо керек, качан уктап, ойгонуу жакшы ж.б.у.с. Бул ыкмаларды тизмектеп кайра кайталоонун негизи жок деп эсептейбиз.
Бир нерсени түшүнүү маанилүү: жаңы жылды жаңы энергиялуу, сергек баштоо үчүн, күнүмдүк тартипти «бирдиктүү графикке» алып келүү керек. Качан уктаарыңыз жана канча убакыт уктаганыңыз маанилүү эмес. Эң негизгиси, аны дайыма бир убакта жасоо! Күнүмдүк иштериңизден баш аламандыкты алып салуу менен, сизде көбүрөөк күч жана энергия бар экенин байкайсыз.
Алдыңызга план коюңуз жана аны ишке ашырыңыз

Бир күндүк, жумалык, айлык тапшырмалардын, аткарылуучу иштердин тизмесин түзүңүз. Аткаруу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонсоңуз болот. Эң негизги милдеттерди биринчи орунга коюп алардын татаалдыгына карабастан бүтүрө билүү. Муну эрежеге айландырыңыз: эгерде сиздин иш тизмеңизде же календарыңызда бир нерсе жазылган болсо, анда бул пункт толтурулушу(аткарылышы) керек.
Көптөн бери баргыңыз келген жерге барыңыз

Мүмкүн, күнүмдүк иштерден улам сиз көптөн бери баргыңыз келген жерге бара албай келесиз. Жаңы жылдык майрамдарда бир-эки күндү тандап, кыялыңызданып жүргөн жерге барыңыз. Деги эле жыл ичинде деле жаңы жерге барууну адатка айландырып алыңыз. Сиз алган тажрыйбалар жаңы жылды позитивдүү маанайда баштоого жардам берип, өсүүгө жана алдыга умтулууга көбүрөөк стимул берет.
Туура тамактанууга кам көрүңүз

Жаңы жылдык деликатестерди эбегейсиз жеген мезгил бүтүп, туура тамактанууга кам көрүү мезгили келди. Ошол эле учурда, ар кандай диеталар жана катуу чектөөлөр менен кыйнап кереги жок. Жөн гана денеңизди угуп, ченеми менен жегенге аракет кылыңыз. Эгер сиз арыкташ керек деп ойлосоңуз, анда оор диетасыз жана оор көнүгүүсүз кантип арыктоо боюнча видеону көрүңүз.
Спорт менен машыгуу

Бул кеңеш профессионал спортчу болуп, алдыдагы Олимпиада оюндарына даярдануу керек дегенди билдирбейт. Өзүңүз үчүн спорттун кандайдыр бир түрүн тандап, аны практика жүзүндө өздөштүрүү жетиштүү болот.Көбүнчө адамдар чуркоо, сууда сүзүү же башка активдүү спорт менен машыгышат. Сизге оңой болушу үчүн, бүт үй-бүлө менен же пикирлеш адамдар менен сабактарды баштаңыз. Жаңы жылды активдүү баштоо топ үчүн ар дайым оңой.
Телевизор көрүүдөн баш тартыңыз

Убакытты текке кетирүүчү сыналгы көрүүдөн да пайдалуураак ишти табыңыз. Баасы жана сапаты күмөндүү программалар менен аралашкан эфирдик жана кабелдик каналдардын жарнактары, стандарты төмөн юмор жана бир нече жума бою кайталанып көрсөтүлгөн эски тасмалар — чындап эле күн сайын жашооңузду маанисиз өткөрүүнү каалайсызбы?
Чет тилин үйрөнүүнү баштаңыз

Жаңы жылды кирешелүү баштоо үчүн чет тилин үйрөнө баштасаңыз. Бул өз убагында татыктуу инвестиция болот.Заманбап шарттарда муну жасоо абдан жөнөкөй: аудио жана видео форматтарында көптөгөн курстар бар,анда сиз дагы сөздөрдү айтып машыга аласыз.
Өзүңүзгө жаккан ишти табыңыз

Өзүңүзгө жаккан нерсени табууга аракет кылыңыз. Экинчи кадам бул хоббинин туруктуу киреше булагына айланышы мүмкүн. Бирок бул ишке ашпаса дагы, сиз өзүңүзгө жаккан нерсе менен алектенүү жашооңуздагы башка ыңгайсыздыктардан чыгуунун жолу болуп калат. Ошондой эле, эң жакшы эс алуу — бул иштин түрүн өзгөртүү экенин унутпаңыз. Жумуштан келип, хоббиңизди баштаганыңызда, хоббиңиз “жашооңуздагы жумуш” болсо, теңдешсиз эс аласыз.
Майда-барат нерселерди талашып, башкаларды соттогонду токтотуңуз

Бул кеңеш менен сиз убакыттын өтүшү менен жакшы жакка өзгөрө аласыз! Саясий, диний, расалык темаларда бир тараптуу көз караш жок. Ар ким менен талашып тартышуудан баш тартууга аракет кылыңыз. Албетте, аны дароо жасоо кыйын болот. Бирок, муну жасаганга короткон убакыт сизге аң-сезимдүү, таза адам болууга алып келет. Жылды өзүңүздү өркүндөтүү менен баштаңыз жана аягында көрөсүз сизди курчап турган дүйнө кантип жакшырып баратканын.
Бардык пункттарды кайра окуп чыгып, аларды ишке ашырып баштаңыз!

Бул, балким, тизмедеги эң маанилүү нерсе. Практика болбосо, сиздин бардык пландарыңыз план бойдон калат жана күтүлгөн натыйжаларды алып келбейт. Ошондуктан, бардык пункттарды кайра окуп чыгыңыз, артыкчылыктарды белгилеп, аларды ишке ашырууга киришиңиз.
Албетте, сиз бул тизмени өзгөртүп, андан кээ бир нерселерди алып салсаңыз жана өзүңүздүкүн кошо аласыз. Бирок негизги нерсе ар дайым иш жүзүндө ашыруу, ишке ашпай туруп сиз жыйынтыкка ээ боло албайсыз.
Жаңы жылды бүткүл мезгилдин ичинде өзүңүздүн ишиңиздин натыйжасы түрүндө мол түшүм ала тургандай баштооңузду каалайбыз.
Айгерим Кубатбекова