Жылдын жаңырышы менен көпчүлүк эски жылдын жыйынтыгын чыгарып, жаңы максаттарга умтулат. Ушул жылга коюлган максаттарыңыз орундалабы? Ал максаттар “сиздикиби”? Кыял, максат жана визуализация тууралуу психолог Нурзада Нурбаева айтып берет.
Бир жыл ичинде айрым адамдар максаттарына жетсе, айрымдары тилекке каршы жетпей калат. Ал эми, максаттарын 100%дан жогору кылып орундаткандар дагы жок эмес. Бул нерсе көпчүлүк учурда адамдын мүнөзү жана аракетинен көз-каранды. Кээ бир адамдар кыялкеч болуп, реалдуу эмес максаттарды коюшат жана аракет кылбайт. Ошондуктан, максат коюуда адам эң биринчи өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап, “мен эмне жасай алам?”- деген суроого жооп бериши керек. Ошондой эле максат — адамдын мүмкүнчүлүгү жеткен нерседен бир аз жогору болушу керек. Себеби, максат койгондо адамдын мээсине сигнал жөнөтүлөт жана мээ ошого жараша аракет жасап баштайт.
Максаттар дагы “менинки” же “меники эмес” болуп бөлүнөт. Айрым адамдар өмүр бою өзүнө тийиштүү эмес максат менен жашайт жана ал орундалбайт. Аны кантип аныктоо керек. Алгач, адамдын ичинде жашаган 3 абал тууралуу сөз кылсак:
1. Бала абалы – бул каалоолордун топтому. “Саякат кылам”, “жаңы үлгүдөгү машина алам”, “Австралияга учам” деген өңдүү кыялдар болот жана максаттары так эмес.
2. Ата-эне абалы – тыюулар. “Ал болбойт”, “бул нерсе орундалбайт” ж.б тыюулар.
3. Чоң кишинин абалы – бала менен ата-эненин ортосундагы баланс деп айтууга болот. Ал эки жактын абалын алып, таразалап, компромисске алып келген абал.
Мисалы: баланын абалында “мен быйыл 30 өлкөгө саякаттайм” деген каалоосу болсо, ата-эненин абалы “эмнени айтып жатасың, ал орундалбас кыял” деп токтотушу мүмкүн. Ал эми адам чоң кишинин абалында туруп максат койсо, ошол өзүнүн максаты болот.
Айрым адамдар кайсы бир курактан кийин кыялдана албай калышат. Мунун себеби – алар ичиндеги бала абалын толугу менен өчүрүп койгон болушу мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда жаш курагы өтүп калса деле өзгөчө кыялдануу менен жашаган адамдар бар. Мисалы, бир адам робот жасоону кыялданып жатса, башка бирөөнү анын кыялы таң калтырышы мүмкүн. Эгер сиз эч кыйналбай кыялдана алсаңыз, биз сизди куттуктайбыз.
Иллюстрация
“Эмне жөнүндө кыялданасыз?” – деген суроого көпчүлүк адамдар жооп бере албайт. Себеби, кыялы эмне экенин билбейт. Көпчүлүк аны кол жетпей турган нерсе деп түшүнөт. Кыялдануу — бул машыгуу залына барып, күч топтогондой эле көрүнүш. Болгону, аны реалдуулукка жакындатуу үчүн максатка айлантуу керек. Ошондо өзүнүн формасы, мөөнөтү, куралына ээ болот.
Чоң максат болсо, аны бир канча баскычтарга бөлүп, ага жетчү жол картасын түзүү керек. Мисалы: бир имарат куруу үчүн алгач анын планын чийебиз. Макетин түзөбүз жана имаратты куруу үчүн керектүү каражаттарды тизмектейбиз. Биз максат кылган имарат курулганча ондогон майда максаттар болот жана ал аркылуу чоң максатыбыз реалдуулукка айланат.
Адамдын мээси ушул күнгө чейин толук изилденип бүтө элек. Дүйнөлүк бестселлер китептердин автору Джон Кехо “адам кыялына жетүүдө өзүн ошол кыялына жеткен кишидей алып жүрүүсү керек” деп эсептейт. Мисалы, сиз бул жылы жаңы унаа жана үй алууну максат кылып жатасыз. Демек, Джон Кехонун айтымы боюнча, сиз жаңы машинаңызды айдап алып, үйүңүзгө бара жатканыңызды элестетиңиз. Эгер адам эмоционалдык деңгээлде ошол кыялын чындыгындай элестете алса, мээ бул сигналды кабыл алып, сизди ошого жараша багыттап турат.
Студенттин ийгилиги: Президенттик стипендияга эки жыл даярдандым
Алты тил билген Мунара: Тил үйрөнүүдө сөзсүз максат болуш керек…
Касиет Кубанычбек кызы