Ак-Талаа районундагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде даярдоо классынан 4-класска чейинки 61 окуучуга белектер берилди. Мектеп директору Сүйүнбек Эмилбек уулунун айтымында учурдагы пандемиялык кырдаалга байланыштуу окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун сактоо максатында жаңы жылдык белектер 61 окуучунун ар биринин үйүнө жеткирилди.
Аяз Ата жана Аяз кыз окуучуларга белектерин тапшыруу учуру
Аяз Ата жана Аяз кыз окуучулардын үйлөрүн кыдырып, белек тапшырышты
Аяз Ата жана Аяз кыз окуучуларды үйлөрүндө куттуктады
“Бир аз болсо дагы окуучулардын маанайын көтөрүү максатында ата-энелердин жардамы менен 12500 сомго таттуулардан белек даярдадык. Аяз Ата, Аяз кыз ар бир окуучунун үйүнө барып, белектерди берип, Жаңы жылы менен куттукташты. Албетте жаңырган жылда бардык окуучуларыбызды мектептен көргүбүз келет. Эли-жерибизде тынчтык болуп, илдеттен арылып, жай турмушка кайтчу күн эртерек келсин”,- дейт мектеп директору.
Балдарга Жаңы Жылдык белектер тапшырылды
Барчын Мамытбекова