Үй-бүлөлүк киреше менен чыгаша көпчүлүк учурда аялдардын элегинен өтөт. Азык — түлүк, кийим-кечек, коммуналдык чыгымдар же той-аш деп жатып кирешеден чыгаша кантип көп болуп кеткенин аңдабай каласызбы? Төмөндө ишкер айымдар өз тажрыйбаларына токтолот.
«Догал Агрохимикаттар жана Пестициддер» Жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бактыгуль Аскералиева үй-бүлөлүк бюджетти бөлүштүрүүдө аялдардын ролу чон экенин билдирди.
“ Айымдар негизи бюджеттин бардык чыгымдарын колго алган үчүн, чыгымга көбүрөөк дуушар болду деген ой кетет. Ал эми практикалык жактан караганда аял киши үйдөгү тамак аш, азык-түлүк, үй жасалгасы, балдардын кийими, алардын чыгымдары, транспорт ушунун барына коротот да. Андан тышкары өзүнүн чыгымдары болот дегендей.”
Бактыгүл Аскералиева бюджетти мындай пландайт:
баланын чыгымдары | сезондук чыгымдар | бир айлык чыгымдар | күнүмдүк чыгымдар |
баланын билим алуусу, ден соолугу ж.б | кийим -кече, үй жабдыктары |
коммуналдык чыгымдар, азык-түлүк |
транспорт, тез бузулган продукты же керектелуучу нерселерге колдонулчу |
Бактыгүль Аскералиева: Өзүмдү ишкер эмес, агроном катары тааныштырам…
Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фондунун негиздөөчүсү Айжан Джуманалиева үй-бүлөдө түйшүктүн көбү аялдарга жүктөлгөндүктөн алардын бул жаатта маалыматтуу болуусу маанилүү экенин айтат.
“ Үй иштерин аткарууда негизги ролду аялдар аткаргандай эле ошол үй-бүлөнүн бюджетин жөнгө салууда аялдардын орду чоң. Дайымкы чыгымдарды азык-түлүккө, кийим-кечеге, балдардын чыгымдарына, тойдогу чыгамдарга туура бөлүштүрүп ырааттап алса, бары жакшы болот. Азыр маалымат аябай көп ошондой эле мүмкүнчүлүктөр дагы көп. Андыктан билбеген нерсени үйрөнүп бардык энергияны үй-бүлөгө гана арнай бербестен, аялдар өзүбүзгө дагы убакыт бөлүүбүз зарыл. Алсак, билим алып, мүмкүнчүлүктөрдү издеп, жөн отурбашыбыз керек деп ойлойм”.
Ал эми дагы бир каарманыбыз Гүлбарчын Маматали кызы жеке ишкерлик менен алактенет. Үй-бүлөдө аял күйөөсүн гана күтүп отура бербестен ага кошумча каражат тапканга көмөк көрсөткөнү жакшы деген оюн айтты.
«Биз көп балалуу үй бүлө катары акчага аяр мамиле жасоону бат эле үйрөнгөнбүз. Ү бүлөлүк кирешени туура колдонбосок, көптөгөн кыйынчылыктар жаралуусун баарыбыз эле билебиз. Аял киши балдарын, үй бүлөсүн, жолдошун, кайын журтун , тууган уругун ойлонуп отуруп эле көптөгөн чыгымдарга дуушар болуп калышат. Себеби балдарын жакшы кийинткиси келет , жакшы окуу жайларда окуусун каалайт жана ошону менен бирге жакшы тамактарды жасап, конок тосуп,тойлорго барып, карым катнаш кылыш керек деген нерселер бар. Аны жасабай, кылбай койсо дагы болбойт. Өзгөчө кыргыз элибизде «уят» деген ураан менен жашап атып арыла албаган чыгымдар бар. Кирешени үнөмдөп, керектүү гана нерселерге жумшоого жана киреше менен чыгаша төп келе тургандай кылып коротууга кеңешимди бермекмин.»
Касиет Кубанычбек кызы, Айгерим Кубатбекова