Бишкекте жана Сокулукта жергиликтүү деңгээлдеги чыр-чатактарды жана тынчтыкты талкуулаган маанилүү иш-чара өттү. Бул БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун бир бөлүгү.
Иш-чаранын максаты — улуттук өнөктөштөр менен социалдык биримдик жаатындагы саясатты жана ченемдик укуктук актыларды талкуулоо жана долбоордук сунуштарды түзүү.
Иш-чарага коомдук консультациялык кеңештин мүчөлөрү, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун муниципалитеттеринин өкүлдөрү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Иш-чара фокус-топтук дискуссия форматында өтүп, анда катышуучулар өз жамааттарындагы негизги көйгөйлөрдү жана чыр-чатактарды талкуулап, алдардын келип чыгуу себептерин жана кесепеттери менен бөлүшүп, ошондой эле аларды чечүү жолдорун сунушташты.
Аламүдүн району боюнча коомдук консультативдик кеңештин мүчөлөрү
Аида Бекташева, Алматыдагы ЮНЕСКОнун аймактык кеңсесинин улуттук долбоордук кызматкери
Бардык чогултулган маалыматтар бирдиктүү документке киргизилип, чыр-чатактын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планына киргизүү үчүн мамлекеттик органдарга берилет. Бул мамлекеттик органдарга стратегияларды жана пландарды иштеп чыгууда жергиликтүү элдин пикирин жакшыраак эске алууга мүмкүндүк берет.
*************************************************************************************************************************
Бул материал Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фонду тарабынан каржыланган жана Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги тарабынан ишке ашырылган БУУӨП менен ЮНЕСКОнун биргелешкен долбоорунун алкагында даярдалды.
Перизат Таштанова