2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы менен 30 жогорку окуу жайдын 70 мыкты студенти Президенттик стипендияга татыктуу болду. Алардын бири Эл аралык Кувейт университетинин студенти Нуркалый Масалбеков. Биз бүгүн стипендиант менен мектешип, анын ойлору менен бөлүшөбүз.
— Саламатсызбы, Нуркалый сизди куттуктайбыз. Бул сыйлык сизге кандай маанай тартуулап жатат, буга кантип тапшырып калдыңыз?
— Саламатсызбы чоң рахмат. Мага бул аябай жылуу маанай тартуулады. Өтө кубанычтуу. Себеп дегенде адам өзүнүн буга чейинки кылган иш-аракетинини койгон пландары, кыялдары орундалганда сөзсүз башка адам сезе бербегендей кубанычка бөлөнөт. Мага муну сунушташканда өтөмбү же өтпөй каламбы деп алгач корктум. Бирок, буга чейин бир топ кароо сынактарда алдыңкы орундарга ээ болуп келгем. Андан сырткары дагы ишеничимди арттырган нерсе жаз айларында өткөн КМШ мамлекеттер арасында өткөн “Мыкты студент 2020” сынагында дагы мыкты студенттердин катарына киргеним болду.
— Жакшы жетишкендиктерге жетүүдө мындай сыйлыктарга умтулуу керекпи?
-Менин көз карашымда албетте умтулуу керек. Анткени кылып жаткан иш аракеттер бекерге кетпептир деп түшүнөсүң да. Артыңда жакшы иштер калып жатканын көргөндө өзгөчө шык берет. Ошондой эле дайыма мотивация алууда биз бирөөнүн сөзүнө, мээримине, мактоосуна, күлкүсүнө муктаж болбостон өзүбүздү өзүбүз шыктандырсак болот. Мисалы, күнүбүз жакшы өтпөй калса же бир пландар ишке ашпай калса ушул сыйлыктарды карап өзүбүзгө болгон ишеним артат. Дагы максатыма жетишим керек деп алдыга умтулабыз. Сыйлыктар бизди максаттарыбызга жетүүгө шыктандырат десем болот.
— Эң алгачкы ийгилигиңиз сизге кандайча келген ошол туурасында айтып берсеңиз?
-Менин эң биринчи ийгилигим бул 2014-жылы болгон десем болот. Ошондо мен 14 жашта элем. Бишкек Мамлекеттик университетинде бир семинар өтүп калды, ага барып биринчи жолу катышкам. Анда мен семинар, тренинг деген эмне экенин деле билчү эмесмин. Айтор убакытты туура пайдалануу деген сыяктуу шыктандыруучу семинар эле. Тренер залда отургандардын арасында эң уулусу жана эң кичүүсү ким деп сурап калды. Ошондо эң жашы мен экенмин… Мени сахнага алып чыгып алып азыртан ушундай өзүндү өнүктүрүп жатканын сонун деп мага мотивациялык сөздөрдү айтышып жана киного билет беришкен.
-Сиз окуудан сырткары окуучуларды окутуу менен алактенет экенсиз, канча убактан бери окутуучу болуп жатасыз?
-1-курста кыргыз тил сабагы боюнча республикалык олимпиадада 1-орун ээлегенден тарта эле окуу борборлорунан сунуштар түшүп баштады. Алгач корктум менде тажрыйба жок болсо окуучуларды кантип окутам, үмүтүн актай аламбы деп. Бирок ойчул ойлонгуча, тобокелчи тоо ашыптыр дегендей демек мага ишеним артып жатса иштейин деп баштап калгам. Эң биринчи эле кыргыз медициналык академиясында жайгашкан “Грамотей” окуу борборунда иштеп баштагам. Андан сырткары “Сынак”, Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинде сабак бердим. Учурда “Креатив”окуу борборунда иштеп жатам. Окуучуларга сабак берүу мага абдан жагат. Жылдын аягында эки окуучум алтын сертификат алды. 20дай окуучу 200дөн өйдө балл алышып, бюджеттик негизде окууга өтүштү.
-Коомдук иштерге активдүү катышат экенсиз, андан сырткары жумушуңуз бар. Мунун баарын окуу менен айкалыштырууга мүмкүнбү?
-Адам негизи кааласа бардыгына жетишет жана убакыт да таба алат. Мен коомдук активистмин, сабакты жалаң бешке окубай деле койсом болот же тескерисинче сабакты эң жакшы окуйм коомдук иштерге катышпай эле коюн деген туура эмес. Адам кааласа баарын бирдей алып кете алат деп айтмакмын. Эң негизгиси убакытты туура пайдаланганды билиш керек. Ошонун негизинде эле убакытты туура бөлүштүрө билсең барына жетише аласың. Айтып коюшат го, тиги дүйнөгө барганда ансыз деле уктайбыз деп. Андыктан учурда 6-7 саат уктап калган убактын баарын тынымсыз изденүү, жакшы иштерди аткаруу, ар кандай сынактарга катышууга бел байласа жакшы деп ойлойм. Темир бир жерде турса дат басат дегендей, адам деле бир жерде туруп өнүгүүгө багыт албаса жеңишке жетпейт. Ошондуктан ар дайым өнүгүүнүн, изденүүнүн үстүндө болушу керек.
-Сүйүктүү китебиңиз кайсы?
-Мага жаккан китептер абдан көп. Алардын ичинен мага өтө таасир берген китептер: Чынгыз Айтматовдун бардык чыгармалары, “Жизнь без границ”, “Подсознание может все”, “Не тупи”, “Сицилийский лимон”, “Маркумдар үнү”, “Асель”.
-Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
-Бош учур болгондо өзүмө жаккан нерселерди кылганды жактырамын. Мисалы, мага сууга сүзүү жагат, достор менен маектешип алар менен убакыт өткөргөндү дагы жактырам. Мындан сырткары китеп окуу менен өткөзөмүн. Өзгөчө карантин учурунда бош убакыт көп болуп калбадыбы ошондо сонун-сонун китептерди окуп, мурда бүтүрө албай жаткан китептерди бүтүргөнгө жакшы мумкүнчүлүк болду. Мындай учурларда деле мен бешинчи күнү бир китеп баштап, жекшемби күнү бүтүргөн жагат. Бирок кээде андай болбой бир жумага чейин бүтпөй жүрө беришим мүмкүн.
-Кантип эс алууну жактырасыз?
-Мага негизи тоого чыгып эс алган жагат. Себеп дегенде ал жерге барганда жан дүйнөң эс алат. Шаардын ызы чуусу, көйгөйлөр же болбосо жашоонун түйшүгү бийик максаттар ушунун барын сырттан көз чаптырганга жол ачып берет. Тоого жалгыз барып алып болушунча бийик жерине отуруп алып, чыгарма жазганды жактырам. Жазуучу болбосом дагы калем кармап аңгеме, повест жазганды жактырам жана ошондон ырахат алам.
-Сиздин жашоодогу жеке урааныңыз , миссияңыз кандай?
-Жашоодогу урааным “Баштадыңбы коркпо, корктуңбу баштаба”- деген Чыңгыз хандын сөзү. Ар дайым бир ишти кылбай калып өкүнгөндөн көрө ошону кылып, анан болбой калса, өкүнүү бул жакшы нерсе деп ойлойм.
-Келечектеги кесибиңиз тууралуу айтсаңыз?
— Келечектеги кесибим журналист. Азыркы тапта бул багытта 4-курста окуйм. Келечекте мен өзүмдү илимий иштерди жазган журналист катары көргүм келет. Коомго такталбаган маалымат берүү, шоу бизнес жаатын эмес башка багытта чагылдырууну каалайм. Аны менен катар эле агартуучулук жагына басым койсом дейм. Учурда бир эле кесиптин эмес бир канча кесип ээси болгонго аракет кыламын. Заман өзү ушуну талап кылып жатпайбы. БУУнун белгилөөсү боюнча 2030-жылы 90дон ашык кесип жок болуп, 120 жаңы кесип пайда болот экен. Демек биз ошого даяр болушубуз керек.
-Ийгиликке жетүү үчүн адамага сөзсүз керек деп кайсы сапаттарды эсептейсиз?
-Эң алгач жөнөкөйлүк деп ойлойм. Кичи пейилдик, айкөлдүк, жөнөкөйлүк ушул үч сыпатты мен ийгиликтин башаты дээр элем. Буудай канчалык бышкан сайын ийилип жерди карагандай. Биз адамдар дагы ошондой болушубуз керек. Анан дагы чынчылдык дагы ото зарыл нерсе.
-Эмне жөнүндө кыялданасыз?
-Адамдын кыялдары көп болот эмеспи. Менин дагы кыялдарым чон. Кыялдар бара- бара максатка айланат экен, максаттар болсо иш-аракеттин натыйжасында реалдуу жашоого алып келет. Менин кыялым Кыргызстан гүлдөп өнүсө экен, чет жакта иштеп жүргөн мекендештерибиз кайтып келип, жарандарыбыз өз өлкөсүндө жашаса экен деп кыялданам. Биздин өлкөдөгү жарандар илим билимдүү, чынчыл, бардыгы кичипейил башкаларга карасанатайлык кылбаган, илим- билимде жарышкан өлкө болсок экен.
Канада, Сауд Арабия… Билим алуу үчүн ачык стипендиялар тизмеси
Акталаалык студенттер президенттин колунан стипендия алышты
Айгерим Кубатбекова