Өлкөдө абал курчуп, COVID-19 вирусу кайрадан күчөп баштады. Бул учурда окуучулар жайкы эс алууда кошумча курстарга барып окуу билимин тереңдетишсе, бири ата-энесине жардам берип кийинки окуу жылына даярданышат.
Суусамыр айыл аймагынын тургуну Нурзат Райымбекова, неберелери жайкы эс алууну кандай өткөрөрүн айтып берди:
Нурзат Райымбекова неберели менен
“Азыркы учурда эки неберем окуйт, бири 10-класста жана 9-класста. Учурда COVID-19 илдети өлкөбүздө өрчүп жаткандыгы белгилүү. Былтыр карантин маалында жайкы эс алууну үйдөн чыкпай өткөргөнбүз. Быйыл неберелеримди шаарга чоң кызымдын үйүнө жиберейин деп жатам.
Неберелерим орус тил, англис тили курстарына жазылып, окуу билимдерин жогорулатса дейм
Неберелерим орус тил, англис тили курстарына жазылып, окуу билимдерин жогорулатса дейм.
Ал эми окуунун алдында курстарды COVID-19 вирусуна каршы эрежелер кармалса, бир жолу колдонулчу беткаптарды, аралыкты сактаса неберелеримди окууга жиберем”.
Суусамыр орто мектебинин 8-классынын окуучусу Назар Токтобеков:
“Мен 7-классты аяктап жайкы эс алууга чыктым. Жайкы эс алууда мен апама жардам берип жатам. Апам үйдөн ар кандай полуфабрикат тамактарды жасап сатат. Мен буйрутма түшкөндө кардардын үйлөрүнө жеткирип берем. Апам мага бул үчүн акча төлөп берет. Акчаны чогултуп кийинки окуу жылына керектүү буюмдарды сатып алам. Ал эми жайкы эс алууда биз үй-бүлөбүз менен тоого барып кымыз, сүт ичип турбыз”.
Жаңы-Жер: Балдарыңыз жайкы каникулду кайдан өткөрөт?
Айдана Токтобекова