Кыргызстанда быйыл 1-жолу дүйнөлүк көчмөндөр оюну болуп өттү. Бул оюнда кыргыздын улуттук оюндары арасында таймаштар өткөрүлдү. Кыргыз элинин улуттук оюндарын даңазалооо максатында Жал айылынын Рустам Мамыралиев атындагы орто мектебинде тогуз коргоол ийрими жаңы окуу жылында ачылды.
Тогуз коргоол ийримин ачууга мектептин математика мугалими Баймурза Токтогулов демилге көтөрүп чыккан. Анткени ал улуттук оюндардын жоголбой, өнүгүшүнө салым кошууну чечкен.
«Бул оюнду мен бала кезимде эле үйрөнгөм. Ошондуктан билгендеримди башка кызыккан окуучуларга дагы жайылтууну туура көрдүм. Учурда ийримде тогуз окуучу катышат. Бирок машыгып үйрөнгөнгө тогуз коргоолдун бир эле тактайчасы бар, бул тууралуу мектептин жетекчилигине кайрылып, кошумча тактайчаларды алып берүүнү суранганбыз», — деди Токтогулов.
Тогуз коргоол ийримине катышкан окуучулардын айрымдары бул оюнду үйүнөн же башка жерлерден үйрөнүшкөн. Эми минтип ийримдин мектепте ачылганына кубанып отурушат. Азырынча тогуз коргоолду үйрөнүү үчүн атайын класс бөлүнүп бериле элек, ошондуктан алар жумасына эки ирет келип бош класстарда машыгышат.
Мектептин 9-классынын окуучусу Бегимай Мирбек кызы, бул оюнду 6-классынан бери кызыгып ойноп келет. Мындан эки жыл мурда мектеп аралык таймашууга катышып, 1-орунду да багындырган.
«Бул оюн мага абдан жагат, анткени бул кыргыздын улуттук оюну. Ийримдин ачылышы мени абдан кубандырды»,-деп билдирди Бегимай.
Ал эми 9-класстын окуучусу Акылай Сейитова сабактан кийин ийримге келип, тогуз коргоол ойноорун айтат.
«Бул оюн абдан кызыктуу, оюнду алгачкылардан болуп мага улуу агам үйрөткөн», -деди ал.
Тогуз коргоол ийримин ачууга демилге көтөргөн Баймурза Токтогулов, азырынча ийримдеги балдарга үйрөткөнү үчүн акы албайт. Болгону кийинки муун аталган оюнду унутпай, эл арасында ойноп жүрүүлөрүн каалайт.
Даярдагандар: Улан Болотбеков, Азат Жолдош уулу