Бүгүнкү күндө Баетов айыл аймагында бодо малдын карасан оорусу көп кездешип жатат. Ушул оорудан улам жашоочулар баккан малдарынан кол жууп калышууда.
Бул тууралуу айылыбыздын тургуну Эсенов Назарбек мындай дейт:
-Малыңыз карасан менен ооруганын кантип билдиңиз?
-Кээ бири билинип ооруйт, бир-эки күн чөп жебей калат экен, кийинки күндөрү аксап келип өлүп калды. Карасан менен негизи чоң мал оорубайт экен, жалаң төрт жашка чейинки жаш мал ооруйт. Ийне сайылгандары деле өлүп калды, мүмкүн сайгандан кеттиби, билбейм. Малга ийнени сайганда 12 саатка чейин сайыш керек экен. Малдын өлүгүн жору-кузгун дагы жебейт экен, аны бир жерди казып туруп, өрттөп көмүп салыш керек.
-Ооруган малдарыңызга алдын ала кандай кам көрдүңүз эле?
-Жазында жайлоого ашыраарда карасанга каршы “алтын тамыр” деген дары сайгам.
Карасан оорусунун тездик менен көбөйүп жатканынын себебин билүү максатында биз Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Дайыркул Саткыновго кайрылдык:
-Бүгүнкү күндө вакцинация кылдырбай коюшкан Орто-Сырт жайлоосундагы эки малчынын короосунан биринчисинен эки баш, экинчисинен сегиз баш торпоктор карасан менен ооруп өлдү. Бул оору эки-үч күнгө созулат да, мал чыгымга учурайт.
-Бул ооруну алдын алуу үчүн кандай иштер жүргүзүлдү эле?
-Жаз айларында уйларга, торпокторго вакцинация жүргүзүлгөн жерлерде оору болгон жок, ал эмдетпей туруп, бадага кошуп кеткен жерлерде торпоктор чыгым болду. Сөзсүз түрдө вакцинациядан өткөрүш керек, себеби бул оору жайлоолордо очаг болгон жерлерде дайыма чыгат. Вакцинациядан өтпөгөн мал өлүмгө дуушар болот.
-Ооруну алдын алуу үчүн эмне кылышыбыз керек, кандай кеңештериңиз бар?
-Ооруну алдын алыш үчүн жазында бир жолу очаг болгон жерлерде төрт айлыктан төрт жашка чейинки торпокторду, кунаажындарды дайыма жазында, күзүндө карасан вакцинациясы менен эмдеттирип туруш керек. Эгер вакцинация жүргүзүлбөсө мал ооруп кала берет.
Малы амандын, жаны аман дегендей тиешелүү адистердин кеңешин угуп, малыбызга ар дайым кам көрүүбүз зарыл.
Даярдаган: Билимкан Бараканова