Сокулук районудагы Жал айылына 3-май күнү Темир Сариевдин өкүлдөрү келип эл менен жолугуп кетишти. Бул сүйлөшүүдө Сариевдин иш-аракеттери боюнча айтылды.

Бул чогулушка Орок айыл аймагынын тургундары катышышты. Тургундарга райондук штабдын жетекчилери Темир Сариевдин өмүр баяны жана кандай ийгиликтерге жеткени жөнүндө маалыматтык бюллетендерди таратып беришти.

Деңиз Райымкулов, райондук штабдын жетекчиси:
— Бул жакка келгенибиздин себеби, Темир Сариев Сокулук районунун тургуну. Ошондой эле, жакында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо болот. Сариев президенттикке талапкерлигин койду, Сариевдин элге жардам бергенин, ачык айкын иштегенин, кылгын иштерин жарандарга айтып кетели дедик. Шайлоодо эл алданбай кайсы кандидатураны тандаса, ошону шайласын.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы.
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу.