Жал айылында пенаблок чыгаруучу заводду ишкер Кожомгелдиев Нурлан башкарат. Ал заводун ачылганына болжол менен бир жыл болду.
Аталган завод ишкер Кожомгелдиев Нурландын аракети менен ачылган. Жеке ишкер он адамды жумуш менен камсыз кылат. Жумушчуларга керектүү шарттарды түзүп берген: ысык тамак, бекер жатакана.
Бул жерде иштеген жумушчулардын айлык акысы он беш миӊ сомду түзөт. Бул мекемеде иштөө оорчулук жок. Бул мекемеде техниканын керектелүүчү баардык түрлөрү бар.
Иштеп жаткан жумушчуларга бекер жатакана салынып берилген. Башка чоочун адамдар жумуш сурап келсе, колу билсе, бул мекеме ишканасында иштей алышат. Жумуш кышкысын токтоп, жазында башталат. Техниканын баардыгын ишкер Кожомгелдиев Нурлан сатып алган. Алар: камаз, трактор, экскаватор, дагы атайын пенаблок жасаган техникалар бар.
Пенаблок менен заборлор курулбайт, ал пенаблок менен атайын үй салынат.
Учурда пенаблокко элдин талабы көп, сапаты жагынан да ылайыктуу болуп, аны менен үйдү курууда пенапласт колдонбосо болот.
Жеке ишкер Кожомгелдиев Нурлан Иминович буларды айтып берди.
“Заводду ачканымдын себеби: жеке өзүм эле акча таппастан, кичине болсо да балдарга, үй-бүлөөлүү кишилерге жардам болсун деген ой менен ачкам. Алар ушул жерде иштеп, акча таап, үй-бүлөөлөрүн багышсын”, – деп өз оюн толуктап кетти ал.
Даярдагандар: Мухтарбекова Сезим, Дастан Джаркымбаев.
Сынак үчүн